Кыргыз-Тажик чек арасында жер титирөө катталды

12-февралга караган түнү саат 1:27 чамасында Кыргыз-Тажик чек арасында жер титирөө катталды.

Сейсмология институтунан кабарлашкандай, анын күчү 3,5 баллга жетип, очогу Алай районундагы Бор-Дөбө айылынан 12 чакырым түштүк-батышта, Ош шаарынан 130 чакырым түштүк-чыгышта жайгашкан. Жер титирөөнүн күчү Бор-Дөбө айылында 3 баллга сезилген.

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, кыйроолор жана каза болгондор жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
gul-bibi9109
2018-02-12 10:23:55
Дагы титреди
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан