Акыйкатчы институтунун сайтына Кыргыз жеринде ишмердүүлүк жүргүзүүгө тыюу салынган экстремисттик уюмдардын тизмеси жарыяланды. Анда көрсөтүлгөн 20 диний уюмдун көпчүлүгүнө Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту тарабынан тыюу салынса, айрымдарына Жогорку Соттун чечими менен тыюу салынган.
1. "Чыгыш Түркстанга боштондук уюму" - Жогорку Соттун 2003-жылдын 20-августундагы токтому менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
2. "Чыгыш Түркстан ислам кыймылы" - Жогорку Соттун 2003-жылдын 20-августундагы токтому менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
3. "Түркстандын ислам партиясы" ("Өзбекстан ислам кыймылы") - Жогорку Соттун 2003-жылдын 20-августундагы токтому менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
4. "Аль-Каида" - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2006-жылдын 15-сентябрдагы чечими менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
5. "Талибан кыймылы" - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2006-жылдын 15-сентябрдагы чечими менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
6. "Курд элдик конгресси" ("Конгра-Гель") - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2008-жылдын 11-июнундагы чечими менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
7. "Жихад тобу" ("Ислам жихадынын союзу") - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2008-жылдын 11-июнундагы чечими менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
8. "Жайшуль Махди" – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы чечими менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
9. "Жундь-аль Халифат" – Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы чечими менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
10. "Ансаруллох" (Ансарул Аллах) - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы чечими менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
11. "Ат-Такфир Валь-Хижра" ("Ат-Такфир ва-л-Хижра") - Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2012-жылдын 24-октябрындагы чечими менен террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
12. “ИГИЛ” - Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын 13-февралынан тарта террорчул жана экстремисттик уюм деп таанылып, тыюу салынган.
13. "Жабхат ан-Нусра" - диний уюму Бишкек шаардык Октябрь райондук сотунун чечими менен 2015-жылдын 23-июнунан тарта террорчул жана экстремисттик уюм деп таанылып, тыюу салынган.
14. "Катибат аль-Имам аль-Бухари" ("Батальон Имама Бухари") - Ош шаардык сотунун чечими менен 2015-жылдын 13-майынан тарта террорчул жана экстремисттик уюм деп таанылып, тыюу салынган.
15. "Жаннат Ошиклари" ("Бейиштин күйөрмандары") - Ош шаардык сотунун чечими менен 2015-жылдын 13-майынан тарта террорчул жана экстремисттик уюм деп таанылып, тыюу салынган.
16. "Жамаат ат-Таухид валь-Жихад" - Ош шаардык сотунун чечими менен 2016-жылдын 17-мартынан тарта террорчул жана экстремисттик уюм деп таанылып, тыюу салынган.
17. "Хизбут-Тахрир-аль-Ислами" - Жогорку Соттун токтому менен 2003-жылдын 20-августунан тарта террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
18. "Акромия" - диний кыймылы Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 2014-жылдын 14-мартынан тарта террорчул жана экстремисттик деп таанылып, тыюу салынган.
19. "Биригүү чиркөөсү" ( Муна чиркөөсү) – Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун чечими менен 2012-жылдын 22-февралынан тарта террорчул уюм деп таанылып, тыюу салынган.
20. "Саид Бурятский" - диний кыймылынын ишмердүүлүгүнө Бишкек шаарынын Октябрь райондук соту тарабынан 2014-жылдын 14-мартында тыюу салынган.