ИИМ жарандарга соттолбогондугу тууралуу маалымкат берүүнүн иш убактысын узартты. Буга чейин иш 1 саат жүргүзүлүп келген

Жарандардын соттолбогондугу тууралуу маалымкатты берүү иш убактысы узартылды. Эми жарандар даяр болгон документин саат 15:00дөн 18:00гө чейин барып алса болот. Бул тууралуу Ички иштер министрлигине караштуу Жаңы маалыматтык технологияларды башкаруу башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин даяр болгон тактаманы алууда убакыттын чектелүүсү жарандардын нааразычылыгын жаратып келген. Анткени маалымкат берүү буга чейин саат 17:00дөн 18:00гө чейин 1 гана саат иштечү.

Жыл башынан бери тактаманы алуучулардын саны арбын болуп, кезек күткөн жарандар көбөйгөн. Мурда документти алуу үчүн арызды жазуу түрүндө ар бир жарандан кабыл алып, күнүнө 450дөн 550гө чейин жаранды тейлечүбүз. Азыркы учурда арыздарды онлайн жүзүндө, ар бир жаран өз алдынча таштоого мүмкүнчүлүк жаралгандан бери күнүнө бир миң беш жүзгө жакын арыз келип түшөт. Ошондон улам маалымкаттарды берүү убактысын узартууну чечтик. Эми даяр маалымкаттарды берүүгө жооптуу болгон биздин кызматкер жарандардын документин берип бүтпөй туруп иш ордун таштап кете албайт”, - деп билдиришти башкармалыктан.

Айта кетсек, жыл башынан бери онлайн жүзүндө арыз берүүчүлөрдүн саны 2018-жылы эки эсеге өскөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан