Аксыда 4 мугалимди сүзүп кеткен милиция кызматкери 2 айга камакка алынды

Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун борбору Кербен шаарында 4 мугалимди сүзүп кеткен милиция кызматкери 2 айга камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына Жалал-Абад ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

"Ошол күнү унаасы менен мугалимдерди сүзүп кеткен Аксы райондук ички иштер бөлүмүнүн кенже курамдагы кызматкерине кылмыш иши козголуп, соттун чечими менен 2 айга камакка алынды", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Айта кетсек, 10-февралда Аксы районунун борбору Кербен шаарында милиция кызматкери унаасы менен 4 мугалимди сүзүп кетип, экөө каза болгон. Ал эми дарыгерлер жаракат алып ооруканага түшкөн мугалимдердин бирине операция жасалганын кабарлашкан.

Аксыда 4 мугалимди сүзгөн милиция кызматкери 2 айга камалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Begaiko
2018-02-12 11:12:16
Кандайча 2 эле айга
+1
Beka9393
2018-02-12 16:41:31
Begaiko,Эки ай тергоочу тергеп ишти сотко откорот калгынын сот чечет.
0
Bakyt7492
2018-02-12 11:27:07
2 эле айга? Эмне үчүн?Дароо эле кой бербейт белеңер.Карга карганын көзүн чукубайт болуп атабы?
-1
nazgul.elhan
2018-02-12 11:28:33
Макул 2ай жазасын алат, а АЛЛАнын жазасынан кантип кутулат. 2 айбы, 20 жылбы ал жаза эч нерсе эмес ага. Артында калган балдардын, ата энелердин коз жашы, убалы уктатпайт го. Алла тарабынан оз жазасын алат.
+1
omurbek1990
2018-02-12 12:00:57
Билбесенер, тушунбосонор унчукпай эле отура берсенер. 2 айга камаганы ал тергооо буткучо эле, эки ай ичинде иши тергелип, сотко откоруп берилет. Калганын сот чечет. Жон эле ызылдай бергендер кобойду акыркы кундору.
+2
Bakyt7492
2018-02-13 23:00:01
omurbek1990,Каерден көрдүн милициялардын жооп бергенин?Акталып чыгып кетет.
0
konfetka.medik
2018-02-12 12:06:32
өмүр бойу түрмөдө жатсын өзү милиция болсо мас абалында эмнеге машина айдайт эки жапжаш эжелерим өтүп кетеберди арбагы соо койбойт бул адамды экөөсүнүн тең экиден балдары бар эле алар жаштайынан апаларынан ажырап калышты бул кандай жакшылык болду эми
+1
SMS Aroma
2018-02-12 12:29:11
Ким экен аты-жону ошол кенже курамдагы кызматкердин?! Жайларын жаннаттан берсин мугалимдердин, куноолорун Аллахым кечирсин!
0
Munar_6052
2018-02-12 14:14:13
сузуп кеткен милициянын аты жонун эмнеге жазбай атышат
0
Rasul94
2018-02-12 16:34:36
Munar_6052,туура айтасын.мага да ошол жагы табышмактуу болуп атат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан