Өлкөдө 1 миллион 500 миң кара мал идентификациядан өттү. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын төрагасы Калысбек Жумаканов Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында билдирди.
"Чүй облусунда 90 пайыз мал идентификациядан өттү. Калган облустар толук аяктады. Топоздорду токтотуп жатабыз. Анткени камап, аларды идентификациялоо кыйынчылык жаратууда. Токтотууну мал ээлери өздөрү суранып жатышат. Катталган малдардын 1 миллион 200 миңи маалымат базасына кирди. Быйыл үй жаныбарларынан ит толугу менен бүтөт. Апрель айынан тартып, жылкылар башталат. Кой, эчкилер кийинки жылдан башталат", - деди Жумаканов.