Депутат: "Малынын саны боюнча так маалымат бербеген жарандарга айып салуу керек"

"Өлкөдө 6 миллион кой, эчки жана жарым миллион жылкы бар. Бул эки жыл мурунку маалыматтар. Азыр андан да көп болушу мүмкүн", - деп бүгүн, 12-февралда парламенттин тийиштүү комитетинде КСДП фракциясынан депутат Асылбек Жээнбеков билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, учурда элдин колундагы малдын саны бул маалыматтарга караганда көп болушу мүмкүн.

"Малдын санына жараша жайыттарга мамиле жасалышы керек. Өткөн жылы катуу суукта чабан айыл өкмөткө, район башчыларына келип жайлоодо 700 кой менен кароосуз калганын айтып, даттанган. Бирок каттоодон 35 эле кою өтүптүр. Малынын саны боюнча так маалымат бербеген жарандарга айып салуу керек. Малдын ээсине жана каттоодон өткөргөн жооптуу адамдарга да айып салуу зарыл. Малдын саны боюнча илимий негиздемелер бар. Жайыттар менен камсыздоо жагын карабасак, келечеги болбойт. Малдын санынан сапатына өтүү мезгил келди", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (23)
tuki
2018-02-12 11:22:37
Малдын санын эмес озунун зарплатасын так айтпаган чондорго айып салыш керек
+9
nurbekasr
2018-02-12 11:24:57
Баякы эле бей бечаранын малын аңдышат чоңдор бир нерсе үмүттөнүшүп.Өздөрүнүн байлыктарын качан жазышат?Заңгыратып этаж үйлөрдү,кафе,ресторан,башка да толгон токой эл билбеген ишкана зданияларды ким жазат.Өзгөндөкү мал базар кимдики,аны эмне айтбайт өзү Асылбек.
+14
Bazake
2018-02-12 12:31:59
nurbekasr,Кафе-ресторандар тууралуу маселе жок бул жерде. Өзгөндүн базары тууралуу тем боле. Байлыгын жашыргандардын баары жазаланышы керек. Билбесен бир билип кой тууганым,бей-бечарада эч качан 300-400 малы болбойт. Бей-бечаранын малын тиешелүү органдар толук каттоого алат. Ал эми баягы эле байлардын малын аз каттагандар бар.
+1
kyrgyz.kg83
2018-02-12 11:27:03
Бул кетиште жерден,малдан,тапкан пайданын жарымын бийлике салык катары төгө турган күн жакындап калган сыяктуу
+7
nurbekasr
2018-02-12 11:31:07
Депутаттар акыркы күндөрү апенди эле болуп жатасыңар.Оюңарга эмне келсе,түшүңөргө эмне кирсе сүйлөй берип.Эми жакында кимдин үйүндө канча таракан бар,ошону эсептеп кетип айып салгыла зээриксеңер акмактар.Депутаттын жоруктарынан деп китеп жазыш керек болуп калды.Айтмакчы бир уялган депутат жүрөбү дагы деле?
+7
Nurbol
2018-02-12 11:38:06
ыыы туура кыласынар. жайыттарды шылтоолоп катоодон откоруп алып анан малы копторго налог салгыла, жайыттарга газон остуруп беребиз деп... анан ит- мышыктарга отосунор. ошентип иштей бересинер. браво.
+4
nurbekasr
2018-02-12 11:44:55
Бирөөң саан уй алып көбөйтүп сүтүн саткыла дейсиң,бирөөң малы көпкө айып салуу керек дейсиң,кимиңерге ишенебиз ия?
+1
Bazake
2018-02-12 12:29:05
nurbekasr,Саан уйду кобойтсон озундун балдарын сүтүн ичет, ашканын сатып оокатынды кыласын. Түшүнбөй эле сүйлөй бересиңби? Бул жерде малы көпкө эмес, малын жашыргандарга карата маселе көтөрүп жатат.
-3
nurbekasr
2018-02-12 12:35:58
Bazake,Кара кулжадан болот окшойсун туүган,сөз жок анда.
+1
Bazake
2018-02-12 12:53:40
nurbekasr,Сөсүз эле Кара-Кулжадан болуш керекпи? Сен өзүн жердешчил окшойсун. Конкреттүү нерсени айтса оорунун кармаган
-3
MKW.MYRZAiYM
2018-02-12 11:57:57
баягы эле карапайым элге эле асылып калышат, светти которгуло, дагы ....ХХХХ
+4
Bazake
2018-02-12 12:00:28
Малын жашырып, ал боюнча так маалымат бербегендерди катуу эле жазалаш керек. Болбосо бул статистикалык маалыматтарга да кедергисин тийгизет. Малдын санын жашыруу салыктан качуу да болуп саналат. Бул мусулманчылыкка да туура келбеген нерсе. Депутат пикирин толугу менен колдоймун.
-8
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-12 12:19:18
Bazake, Колдогон менен жайыттарга булар пайдалуу заттарды сеппегенден кийин атайы коргоого албагандан кийин кандайча салык салышат
+5
Bazake
2018-02-12 12:56:56
Bolunbo.kyrgyz,Жайыттар боюнча атайын мыйзам бар. Малы бар адам жайыт комитеттеринен талап кылышы керек.
0
langar
2018-02-12 12:15:24
Айтпаш керек силерге жайты бергенден кийин артынан барып мал жанын аманбы деп сурап койбойсунар анан кайдагы айып акча толош керек дейсинер елдер ошол мал менен тирчмлик кылатканда ХХХХ ичинерди боош койуп отура бергиле
-3
Bolunbo.kyrgyz
2018-02-12 12:17:54
Жерди сатып атасынар анан кайсы арарынарга салык саласынар. Уйалбайсынарбы
+4
ilgizk
2018-02-12 12:35:43
Азыр ушулардын заманы, эмне десеңер да жараша берет, сүйлөй бергиле оозуңарга келгенди оттоп, мурдуңарга келгенди жыттап...
0
Bazake
2018-02-12 12:45:55
Азыркы заманда малын жашырган сарандар көбөйдү. Бул Ислам динине да туура келбейт.Мындай сараңдарды мыйзам менен жазалай турган кылыш керек
-2
sna_kg
2018-02-12 14:57:12
Элди качанга черин кыйнайсынар .а дегенде озунордун мулкунорду малынардын санын так айтып элге улгу болгула.эл окмоттон бир сом жардам албай дагы силерди кошуп семиртип багып жатат
+1
Arlenchik
2018-02-12 19:35:49
Булда дооруп коюптур, ачык коргозгон кундо булар эч кандай пайда келе турган нерсе чыгарбайт, эмдоого даары мн камсыз кылып же жайытты кенейтип бермек беле? олчойто салыкты кобойтушот, эмдоону болсо ар бир мал ээси озуле малын оорудан алыс кылуу учун эмдетишет, оздорун эмне айтышпайт декларация тапшырууга келгенделе квартирада жашап жарды болуп чыга келишет, мулкунун баарын башкаларга каттатып коюп.
+1
Rasul94
2018-02-12 22:49:59
уйларга сойко тагышып эсебин алды.эми майда малдарга такса эч ким жашыра албай калат деп ойлойм
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан