Кыргыз жеринде өндүрүлгөн айыл чарба продукциясын Орусияга экспорттоо маселеси талкууланууда

Бүгүн, 12-февралда Бишкек шаарында Кыргыз мамлекетинен өндүрүлгөн продукцияны Орусияга экспорттоо маселеси талкууланып жатат.

Жыйынга Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров Айыл, суу чарба жана тамак-аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин жана орусиялык “Росагромаркетинг” тармагынын өкүлдөрү катышууда.

Аталган "Росагромаркетинг" тармагы Кыргыз мамлекетинен ташылган товарларды кабыл алып, андан ары Орусиянын аймактарына таратат. Талкуудан мурун тармактын жетекчиси менен министр Нурбек Мурашев биргелешип иштөө боюнча келишимге кол коюшту.

Министр бул келишим дыйкандардын өндүргөн азыктарын Орусияга экспорттоого жаңы мүмкүнчүлүктөрдү бере турганын айтты. Анын белгилешинче, Кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосундагы товар алмашуунун көлөмү 2016-жылы 56 миллион сомго жетсе, 2017-жылы 73 миллион сомдон ашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
tular
2018-02-17 10:50:46
2016-ж. 56 млн. сом, 2017-ж. 73 млн. сом Кыргызстан учун ото аз. Биз агрардык секторубуз чон олкобуз.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан