Депутаттар "зима не будет" деген сыяктуу аба ырайы боюнча божомол айткандарга айып пул салууну сунуштады

Парламент комитетинде "зима не будет" деген сыяктуу аба ырайы боюнча божомол айткандарга айып пул салуу сунушталды. Мындай сунушту депутаттар Мирлан Бакиров, Камчыбек Жолдошбаев, Абдумажит Юсуров демилгеледи.

Кыргызгидрометтин жетекчисинин орун басары Ырыскелди Асанкожоев эл өкүлдөрүнүн сунушун колдой турганын айтты.

"Көп учурда айрым жарандар туура эмес божомол айтып коюшат. Мындан түшүнбөстүктөр көп болууда. Ошондуктан мындайга чектөө киргизүү үчүн биз бул сунушту колдойбуз", - деди Асанкожоев.

Ал эми депутат Асылбек Жээнбеков бул мыйзамды ишке ашыруу татаал маселе экенин билдирди.

"Бир жылдары "зима не будет" деп коюп, эл ага ишенип алган учурларды көргөнбүз. Бирок бул маселенин ишке ашуусу кыйын. Анткени мындай учурда көзү ачык дегендерди да тыюуга туура келет", - деди Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
oscar
2018-02-12 12:31:26
Башка көйгөйлүү жумуштар толтура ошолорду чечпейби кылаар иш жокпу
+2
Miru
2018-02-12 12:34:34
Кылаарга башка иш жок ушуну ойлоп таптынарбы. Эл ишенип алып дейт эл эмес озунор зима не будет деп жатышат кыш болбойт экен деп элди ишендирип жатасынар го. Кантип эле кыш болбосун аты эле кыш деп турбайбы. Эми айткыла козу ачыктар айтты лето не будет деп.
-1
Asat17
2018-02-12 12:46:43
Туура айтасын оскар.
+1
oscar
2018-02-12 12:50:09
Биринчи элдин ишин оңдош керек анан иш оңолсо анда сөздөрдү ондогула. Ишибиз жүрбөй турса сөз аңдып эмне кылабыз урматтуу депутат мырзалар
0
Krai
2018-02-12 12:58:52
Асылбек Жээнбеков туура айтыптыр аба ырайын бир жараткан Аллах билет божомолдоп айта бербеш керек
0
Arlenchik
2018-02-12 13:04:51
Ээ XXXX козгой турган маселе калбай калдыбы?! чечилбей аткан толтура маселе бар, ошолорду чечкилечи! болбогон бир нерсени козгоп коюп отура беришет экен, жаман кыжырга тийип атасынар чын! кылган ишинер жок, мамлекетти сызга отургузуп, тарап эле кеткилечи, силерден пайда жок.
0
jbolotov
2018-02-12 13:22:41
Биринчиден жогорку кызматтагыларга, депутаттарга психикалык жактан сообу ошол жагын текшерип анан кызмат берилиш керек, андай болбосо бироосу 500 жашка чыгам десе бироосу балп этип ойду тоону суйлоп мамлекеттин ар намысына шек келтиришти. Арак ичкен президенттида соттош керек. Ушундай жооптуу кызматта арак ичип алжып жургондор болду.
+1
gugu2727
2018-02-12 14:25:09
Башка маселе толтура силер чече турган XXXX
0
nur...nur.
2018-02-12 21:01:32
Оппоо ушуларга иш жок арнерсенин башын чыгарыштыго
0
Aidar151080
2018-02-12 22:52:34
Биздин депутаттар дагы майдаланып кеткенби?
-1
Ayida
2018-02-13 10:53:54
Туура ошо козу ачыктарды тенирчилерге салыш керек тыйыш керек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан