Дыйкандарга азык-түлүктөрдү Орусиянын аймагына интернет аркылуу сатуусуна мүмкүнчүлүк түзүлөт

Бүгүн, 12-февралда Бишкекте азык-түлүктөрдү Орусияга "Росагромаркет" тармагы аркылуу экспорттоо маселеси талкууланып жатат.

Маалыматка ылайык, аталган тармак Кыргыз мамлекетинен өндүрүлгөн товарларды өздөрүнүн Орусиядагы таратуу борборлорунда сактап, андан ары кардарга жеткирип берет.

Тармактын Кыргыз мамлекетиндеги өкүлү Айбек Артыкбаевдин айтымында, дыйкандар товарларын өздөрү интернет аркылуу сатса боло турганын айтты. "Росагромаркет" тармагынын товарды сатуу жана сатып алуу боюнча тиркемеси чыгат. Сиздер да ал жакка катталып, товарларыңыздарды интернет аркылуу сатсаңыздар болот. Биз транспорт маселелерин чечебиз. Сиздер жөн гана товарды үйдөн жүктөп берип коюп, GPS менен товарыңыз кайсы жерде баратканын, канчалык абалда кетип жатканын көрө аласыздар", - деди Артыкбаев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
tular
2018-02-12 12:36:21
Сонун болот эле ошондой болсо
+2
jbolotov
2018-02-12 13:25:01
Кана ушинткенинер? Дыйкандарды жыргатабыз эле дейт эч нерсе жок. Катардагы куру соз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан