Депутат Алмазбек Эргешов мамлекеттик мүлктөргө коюлган баа төмөн экенин айтты

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеӊештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинде республикалык бюджеттин 2017-жылы аткарылышынын алдын ала жыйынтыктары жөнүндө маалымат угулду.

Анда мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун башчысы Ринат Түлөбердиев ушул тапта мамлекеттик мүлктү баалоо чаралары көрүлүп жатканын билдирди. Ал 65 мамлекеттин карамагындагы мүлктүн жалпы наркы 86 миллиард сомду түзөрүн айтты.

"Мамлекеттик мүлктү баалоо чаралары мындан ары дагы улантылат. Анткени мамлекеттин карамагында материалдык эмес, мүлк менен жаратылыш байлыктары турат. Алардын наркы да бааланышы керек. Андан тышкары мүлктүн электрондук базасын түзүп, алардын баарын автоматташтыруу зарыл", - деди Түлөбердиев.

Ал эми депутат Алмазбек Эргешов мамлекеттик мүлктөргө коюлган баа төмөн экенин белгилеп, аны кайра эсептеп чыгуу зарылдыгын айтты.

"Мамлекеттин толгон-токой мүлкү бар, анан кантип алардын баары 86 миллиард сом эле болуп калсын? Мисалы, канча аэробекеттери турат. Тилекке каршы, буга чейин алардын наркы так аныкталбай келген. Ошондуктан биз дагы бул жерде так болууга тийишпиз", - деди Эргешов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан