Саламаттыкты сактоо министри дарыгерлердин маянасы азайды деген маалыматты төгүндөдү

Бүгүн, 12-февралда Жогорку Кеңештеги Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында депутаттар социалдык түйүндөрдө талкууланып жаткан дарыгерлердин маянасы азайды деген маалыматтардын чын төгүнүнө кызыкты. Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев бул маалыматтарды төгүндөдү.

"Дарыгерлердин маянасы азайды деген жалган. Бул маалыматты кимдир бирөө социалдык түйүнгө калтырган. Ал, тилекке каршы, талкууга түшүп кеткен. Бул эч кандай чындыкка туура келбейт. Саламаттыкты сактоо министрлиги "Тез жардам" кызматын акылуу кылат деген да кептер айтылган. Медициналык кызматтарга байланыштуу мындай айтылган маалыматтар калп", - деди Батыралиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан