Аймактардагы дыйкандар Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондунан насыя алуу татаал болуп жатканын айтышты. Бул тууралуу алар бүгүн, 12-февралда азык-түлүктөрдү Орусияга "Росагромаркет" тармагы аркылуу экспорттоо маселесин талкуулоо учурунда билдиришти.
Алардын билдиришинче, айыл чарба үчүн алынган насыялардын пайызын төлөөгө бери дегенде 3 жыл убакыт керек. Жыйынга катышкан дыйкандардын бири пайда көрө элек жатып насыя төлөөгө туура келип жатканын белгиледи.
"Коңшу мамлекеттерде насыя төлөө мөөнөтү 3-7 жылдан экен. Биздеги Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду алынган насыянын пайдасын көрө электе эле акча төлөөгө мажбурлашат. Анан калса ири көлөмдө каражат алуу үчүн күрөөгө ири мүлк коюшуң керек жана мамлекеттик банктардын аймактардагы бөлүмдөрүнөн 3 миллион сомдон ашык акча алайын десең борборго жиберишет", - деп нааразы болду дыйкан.
Депутат Мирлан Бакиров айтылган көйгөй ушул аптада Жогорку Кеңештин жыйынында карала турганын айтты. "Ушул жума өкмөттүн жазгы талаа иштерине даярдыгы боюнча маселени карайбыз. Аталган фонд жана "Айыл Банк" боюнча да сөз болот", - деди Бакиров.