Рак илдетинен улам бир көзүнөн, мурдунун бир бөлүгүнөн айрылган Баназаров дарыгердин коштоосунда Индияга учуп кетти

Рак илдетинен улам бир көзүнөн, мурдунун бир бөлүгүнөн жана үстүңкү эрининен айрылган Баатыр Баназаров дарылануусун Индияда улантуу үчүн учуп кетти. Бул тууралуу маалыматты бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына ага жардам берип, каражат топтоп жаткан Нурсултан Батыралиев билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Баатыр Баназаров жана анын илдетин дарылоо үчүн көмөктөшүп жүргөн активисттердин бири, Улуттук онкология борборунун дарыгер-ординатору Азамат Кошалиев экөө учуп кетишкен.

"Бүгүн таңкы саат 4төгү каттам менен Дубайга учуп кетишти, Дубайдан Индияга учушат. Учуп кеткенге чейин баш-аягы 9 миң 300 доллар чогулган, миң долларга билет алышып, 8 миң 300 долларды алып кетишти. Баатыр Баназаровдун дарыланып келгенине дагы 10 миң доллардай акча керек", - дейт активист.

Батыралиев Дубайдан ары Индияга учуу үчүн 12 саат күтүү керек экендигин, андыктан Дубайга билет саткан авиакомпаниянын өлкөдөгү өкүлчүлүгүнөн жатакана маселесин чечүүгө жардам сурашканын кошумчалады.

"Биз билет сатып алган авиакомпаниянын өлкөдөгү өкүлчүлүгүнө бейтаптын абалын түшүндүрүп, жардам сурадык. Бирок алар жардам берүүдөн баш тартып коюшту. Андан кийин Баатыр агага жардамдашып жүргөн эже Дубай шаарындагы өкүлчүлүгүнө чалып сүйлөштү. Алар дароо эле макул болушуп, Баатыр Баназаров менен дарыгерди 5 жылдыздуу мейманканага жайгаштырышты. Каттамдын убактысы келгенде Индиянын Бангалор шаарына учушат", - дейт Нурсултан Батыралиев.

Айта кетсек, буга чейин Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун 32 жаштагы тургуну Баатыр Баназаровдун абалы күндөн күнгө начарлап жаткандыгы маалымдалган. Ал апасы менен Бишкек шаарына келип, кайрымдуу адамдардан жардам чогултула баштаган. Кийин Улуттук онкологиялык борборуна жаткырылып, дарыгерлер анын 12 жылдан бери рак илдети менен күрөшүп келгендигин билдирген.

Кийин ага дарт менен күрөшүүсүнө көмөктөшүүнү каалаган активисттердин жардамы менен 7 миң доллардан ашуун каражат топтолгондугу жазылган.

Жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.

Рак илдети бетинин жарымын жеген Баатырга Индиядан үмүт жанды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
KUMKA
2018-02-12 16:25:31
Азаматтар! Ушундай жакшылык кылган адамдарды коргондо озунду жемелейсин, алардай болуп чуркап муктаждарга кол суна албаганына. Кудай Силерди колдосун. Ал эми Баатырга ден-соолук каалаайм.
+16
Pandora
2018-02-12 16:39:10
Ийгилик,АК жол!!! Жаратканым озу силерге колдоо корсотуп шыпаа таап кайткыла.
Акча которуу дареген айтып койгулачы сураныч
+11
admin_superstan
2018-02-12 16:46:47
Pandora, жардам көрсөтүүнү каалагандар үчүн Баатыр Баназаровдун апасы Саткын Баназарованын байланыш номери 0773 679 822.
+3
Aidani
2018-02-12 17:16:18
Азамат Кошалиев чынында азамат экенсиз, Аллахым раазы болсун сизден. Баатыр акеге ден соолук ошол жактан куландан соо болуп келиниз ылайым эле
+7
marat009
2018-02-12 17:19:43
Кандай жагымдуу кабар окуп алып суйуносун
+6
marat009
2018-02-12 17:22:24
Жардам берген достор агалар инилер силерге аллахым куч кубат д соолук берсин
+6
Paprikafm
2018-02-12 17:40:12
Аябай суйунуп жатам, ылайым эле айыгып келсин
+4
TazaKyrgyz
2018-02-12 21:20:09
Азамат атына затын жарашкан азамат экенсин!!!Кыргызда сендей азаматтар кобойо берсин!
+1
surgeon777
2018-02-12 23:19:04
Аман-эсен айыгып мекенине кайтсын жигит!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан