Орусияда футбол боюнча Дүйнө биринчилиги өтүп жаткан учурда Кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү үчүн атайын штаб түзүлдү

Футбол боюнча Дүйнө биринчилиги өтүп жаткан учурда Кыргыз жарандарына жардам көрсөтүү максатында Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы элчилиги, Миграция кызматы жана Ички иштер министрлигинин Орусиядагы өкүлчүлүгү атайын штаб түздү. Элчиликтин маалыматына караганда, штаб футбол боюнча Дүйнө биринчилигин кабыл алган Орусиянын 11 шаарында (Волгоград, Екатеринбург, Казань, Калининград, Москва, Санкт-Петербург, Сочи, Самара, Саранск, Нижний Новгород, Ростов-на-Дону) иштейт.

Ошондой эле футбол боюнча Дүйнө биринчилиги башталарга жакын социалдык тармактардан жана диаспоралар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүлүп, темир жол, аэропорт жана автобекеттерде атайын баракчаларды таратуу иштери каралап жатат.

Орусия президентинин буйругуна ылайык Дүйнө биринчилиги учурунда Орусияга келгендер 1 сутканын ичинде катталуудан өтүшү керек. Бүгүнкү күндө катталуу абдан кыйын, ошондуктан биздин штаб документтер менен укуктук иштер боюнча жардам көрсөтөт”, - деп айтылат элчиликтин маалыматында.

Эске салсак, футбол боюнча Дүйнө биринчилиги 2018-жылы 14-июндан 15-июлга чейин Орусиянын 11 шаарында өтөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
langar
2018-02-12 17:48:22
Жакшы
+1
Bekboloooot
2018-02-12 18:31:24
Буйруса мекендештерибизге жардамыңар тийсе өтө жакшы (пайдалуу) иш кылмак!
+2
Дарыгер
2018-02-12 20:40:37
Элчиликти тормозмоздор и мерездер отурат иштейт
+2
Дарыгер
2018-02-12 20:40:55
Пайдасы тийбейт.
+1
Dembele84
2018-02-13 01:17:19
Элчиликте отурган макоо шумшукторду иштен айдап,ыймандуураак кыз жигиттерди чакырса ошондо пайдасы тиет.А азыркы мерездерден жакшылык кутуп болбойт!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан