Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев интернеттеги пикирлер үчүн жоопко тартып, моралдык чыгым катары айыпталуучуга 20 миң сомдон жогору айып салуу боюнча мыйзам сунуштады. Мыйзам долбоору бүгүн, 12-февралда Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин жыйынында каралды.
Анда депутат Жанар Акаев: "Тилекке каршы, мен сиздин бул мыйзамыңызды колдой албайм. Бизде сайттардын көбү менчик, алар кечирим сурабайт. Сиз редакцияларга кайрылып, кайсы бир материалды чыгарып кой деп айта албагандай эле, сайттар өз окурмандары үчүн иштейт. Алар окурмандары үчүн кызыктуу маалыматтарды гана чыгарат. 20 миң сом мени абдан кооптондурат. Сиз азыр эң аз дегенде 20 миң деп айтып жатасыз, анда эң жогорку сумма да көрсөтүлүшү керек. Азыр бир канча журналисттер, сайттар соттон башы чыкпай жүрөт. Бул мыйзам менен коомду бир аз чочулатып алышыбыз мүмкүн. Биз ар бир адамды мен жөнүндө жакшы кабар бер деп мажбурлай албайбыз. Алар каалаганын берет. Азыр мыйзамдар сотко берип, жоопко тартууга жетиштүү", - деди Акаев.
Буга чейин Бекешев сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлганда интернет колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жараткан. Депутат кийинчерээк мыйзам долбоорунун текстинде ката кеткендигин, аны толуктап иштеп чыгуу максатында кайра кайтарып алгандыгы маалымдалган.