Малдын этин чет өлкөгө экспорттоо үчүн баасын төмөндөтүү керек. Мындай оюн айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев бүгүн, 12-февралда өндүрүлгөн продукцияны Орусияга экспорттоо боюнча өткөн жыйында билдирди.
Анын айтымында, Кыргыз жеринде бир килограмм эттин баасы коңшу мамлекеттердеги эттин баасына салыштырмалуу 20-30 сомго кымбат.
"Буга чейин малдын этин экспорттоо үчүн Иранга чейин барганбыз. Азыр Сауд Арабия жана Өзбекстан менен сүйлөшүп жатабыз. Алар өзгөчө өлкөнүн түндүк облустарындагы малдын этин алууга кызыкдар болууда. Экспортко чыгаруу үчүн баа төмөн болушу шарт. Бирок арзандатып жиберсек дыйкандарга зыяны тиет", - деди министр Мурашев.
Белгилей кетсек, Ош шаарынын мэриясы февраль айынын башында бир бодо мал алып союп көрүп, жыйынтыгында 330-340 сомдон сатылып жаткан эттин баасын 315 сомго төмөндөткөн. Андан ашык баага саткандарга чара көрүлөрү айтылган.