Мамэкотехинспециясы Аксы районунун жетекчилерине өз алдынча көмүр казган жарандарды көзөмөлгө алууну эскертти

Жалал-Абад облусундагы Аксы районунун аймагында өз алдынча жана мыйзамсыз көмүр казуучу жайларга карата өткөн аптада текшерүү иштери жүргүзүлүп, анда аталган аймактын жетекчилерине эскертүү берилди. Бул тууралуу бүгүн, 12-февраль күнү SUPER.KG'ге Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик экологиялык жана техникалык коопсуздугун көзөмөлдөө инспекциясынын Чаткал району боюнча аймактар аралык башкармалыктын башчысы Абасбек Мизамбеков билдирди.

Маалыматка караганда, учурда аталган аймакта Советтер Союзу учурунан калган көмүр казуучу жайлар жеке менчик мекемелердин карамагына өтүп кеткен.

"Ал аймакта 2016-жылдан тарта ар 3 ай сайын көмүр казууда адамдын өлүмүн болтурбоо, кокустуктун алдын алуу жана аны көзөмөлдөө максатында эл менен жолугуп түшүндүрүү иштерин кызуу жүргүзүп келебиз. Бирок эл турмуш-шартына байланыштуу кайра эле тыюу салынган көмүр казуучу жайларга барып, өз алдынча көмүр казууну улантып жатышат. Ал жерде коопсуздук чаралары көрүлбөгөндүктөн адам өмүрүнө коркунуч күчтүү. Биз айыл өкмөттөрүнүн жетекчилерине эскертүү маанисинде эл тарабынан мыйзамсыз казылып жаткан жайларды көзөмөлгө алуу тууралуу буйрук жибергенбиз. Эгер дагы ошондой казуулар улантылса, аларга карата мыйзам чегинде айып салууга мүмкүнчүлүгүбүздү колдонобуз", - деп билдирди Мизамбеков.

Айта кетсек, Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районунун аймагында 3 мыйзамдуу көмүр казуучу жай бар. Андан сырткары аталган райондун Ак-Жол айылында 10го жакын мыйзамсыз көмүр казып алуучу жайы бар экени кошумчаланган.

Эске салсак, буга чейин Таш-Көмүрдөгү шахталардын биринде топурак басып калган жарандын жансыз денеси табылган. Расмий маалыматтарга ылайык, кырсык 31-январь күнү райондун Кара-Тыт айылындагы мыйзамсыз түрдө көмүр казылып жаткан шахтада болгон. Ал эми каза болгон адам Жолборсту айылынын 1992-жылы туулган М.Ч. аттуу тургуну болгону кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан