Элчи Кылычбек Султандын Тышкы иштер министрлигине карата нааразычылыгынын тегерегинде окуя кантип өнүктү?


ЭЛЧИ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН ТИМдин МЫЙЗАМСЫЗ БУЙРУГУНА НААРАЗЫ

Өткөн аптанын жума күнү, 9-февралда Кыргыз мамлекетинин Корея Республикасындагы атайын жана толук ыйгарымдуу элчиси Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына Тышкы иштер министрлигинин мыйзамсыз буйругуна нааразы экенин билдирип жазган. Анын айтымында, министрлик элчиликке Инчон шаарына келе турган расмий эмес делегацияны аэропорттон тосуп алуу тапшырмасын берген. Ошондой эле Кылычбек мырза "элчилик аэропорттон бирөөлөрдү тосуп алуу менен алектениши керекпи?" деп суроо салган.

Бул билдирүүдөн кийин 24.кг сайты "ТИМ элчиликти бейрасмий делегацияларды тосуп алууга мажбурлап жатат" деген аталышта кабар жазса, ал эми Говори.тв сайты Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен "Түштүк Кореяга делегацияны министрлик Мамлекеттик спорт агенттиги жана Улуттук олимпиадалык комитети жибергендигин жана ал делегацияда Кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган спортчулар болгондугун билдирди" деп жазып чыккан.

Андан көп өтпөй элчи Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына "Тышкы иштер министрлиги бузукулардан тазаланышы керек" деп сөзүн баштап, аталган министрликте кимдир бирөө дезинформация кылып жатканын билдирген. Анын наарызычылыгы Кышкы Олимпиада оюндарына катыша турган спортчуларды тосуп алууга байланыштуу эмес эле, эки офицерди күтүп алуу боюнча тапшырма болгонун жазган. "ТИМ элчиликке спортчулардын багыты тууралуу эч кандай тапшырма да, маалымат да берген эмес. Мен өзүм спортчулардын байланыштарын таап, качан келерин билип, Кореяда биздин Баатырларды тосуп алууну демилгеледим. Ушундан улам менин Малайзиядагы элчилик кызматынан кеткеним эске түштү. Ошондо да ушул эле "дезинформатор" элчиликтин жабылып жаткандыгы жана менин отставкам ошого байланыштуу экендиги тууралуу маалымат тараткан. Элчилик иштеп жатат... Арадан 2 жыл өттү! Урматтуу, Сапар Жумакадырович, урматтуу Эрлан Бекешович, сиздер бул "дезинформаторлорго" карата, ошондой эле ТИМде мыйзамсыз тапшырма бергендерге чара көрөсүздөр деп ниет кылам", - деп кайрылган элчи.

Бул билдирүүдөн кийин Тышкы иштер министрлигинин маалымат департаментинин директору Муратбек Азымбакиев жооп берди. "Бул жерде элчи "биз Кореяга келе жаткан бардык мекендештерди тосуп алуу менен алек болбой, жогорку даражадагы жолугушууларды уюштурушубуз керек" деп жазып жатат. Бул туура эмес. Биздин мыйзамдар боюнча элчиликтер, консулдук мекемелер чет өлкөгө барган бардык жарандарга расмийби же расмий эмеспи, колунан келишинче, жардам көрсөтүүгө укуктуу жана милдеттүү", - деген ал. Муратбек Азымбакиев Кореяга бара жаткан офицерлердин курамы, иш сапарынын максаты боюнча маалымат берген эмес.

Кылычбек Султан буга "ГОСУДАРСТВО ТӨЛӨП БЕРЕТ!" Урматтуу мекендештер, чет өлкөгө чыгарда Тышкы иштер министрлигине кайрылгыла! Сиз бараткан өлкөдөгү элчилик тосуп алат. Анткени элчиликтин милдети ушундай экен" деген жоопту социалдык тармактагы баракчасына калтырган.

ШИБЕГЕНИ КАПКА КАТА АЛБАЙСЫҢ...

10-февралда “Кыргызстан дипломаттары” бирикмесинин төрагасы, Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан жана Беларустагы мурдагы элчиси Эрик Асаналиевдин элчинин билдирүүсүн сынга алганын "Азаттык" жазып чыкты. Анын айтымында, Кылычбек Султандын билдирүүсү мамлекеттик кызматкердин жана дипломатиялык кызматкердин этикасына туура келбейт.

Ар бир элчи Кыргыз өлкөсүнүн ар бир жаранынын кызыкчылыгын коргоо, кызмат кылуу үчүн ошол мамлекетке жөнөтүлгөн. Ал өлкөнүн ар бир жараны төлөгөн салыктын эсебинен каржыланат. Ошого жараша мамлекеттик орган тапшырма берген соң аны аткарууга тийиш”, - деп билдирген Асаналиев.

Эрик Асаналиевдин билдирүүсүнө элчи Кылычбек Султан социалдык тармактагы баракчасына мындай жооп узатты: "Эрик Асаналиев мырза, сиз элчинин кызматынабы же дайындоо боюнча эмес пайдаланылып жаткан дипломаттар үчүн тынчсызданып жатасызбы? Эгер сизге жана айрым "карьера керек болгон" дипломаттар үчүн кимдир бирөөнү аэропортто коштоп, аларга шоппинг боюнча гид болгон жакса жана аны "карьералык дипломатия" катары көрсөңүз, сизге кесибиңизди өзгөртүүнү сунуш кылам. Эгер сиз чындап дипломаттардын кесиби үчүн кабатыр болуп жатсаңыз, мен башында белгилеп кеткендей, расмий эмес делегацияны аэропорттон тосуп алып, коштоо боюнча мыйзамсыз тапшырмага басым кылмаксыз".


Ушундай маалымат менен сөзүн толуктады.

Ошондой эле ага чейин Кылычбек Султандын социалдык тармактагы баракчасына жазылган посттордогу талкуулардан улам ал ведомство ичиндеги маселелерди эл көзүнө чыгаруу боюнча төмөндөгү пикирин жазган: "Мен мындай иштерди жашыргым келбейт. Бул иш тартибинде эч кандай чечилбеген маселелердин чети гана...".



Андан ары "Азаттык" "Эркелеген аткаминерлерге убактым жок" деген аталышта маек жарыялады. Анын урунттуу учурларын ала турган болсок, элчинин пикиринде "Келгендерди тосуп алуу элчиликтин милдети эмес. Эгерде муну элчиликтин милдети катары карай турган болсок бул жакта биздин беш миңге жакын жараныбыз жашайт. Анда баарына тең караш керек". Андан ары Кылычбек Султан мындай көрүнүштөргө чекит коюлушу керектигин, убакыт бул чоң ресурс экендигин айтып, аны мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн колдонуу зарылдыгын баса белгилеген.

ТИМдин ПИКИРИНДЕ КЫЛЫЧБЕК СУЛТАН КАТА КЕТИРДИ

Бүгүн, 12-февралда Тышкы иштер министрлиги Түштүк Кореядагы элчи Кылычбек Султандын билдирүүсүнө байланышкан маселени карай турганын билдирди. Аталган мекеменин маалымат департаментинин жетекчиси Муратбек Азымбакиевдин “Азаттыкка” айтканы боюнча, Кылычбек Султан өз билдирүүсү менен “ката кетирип койду”. "Алар Түштүк Кореяга расмий иш-чарага бараткан аскер адамдары болчу. Аны биздин департаменттин директору "Кыргыз өлкөсүнөн ушундай адамдар баратат, колдон келсе, көмөк көрсөткүлө" деп кат жазган. Ал ката кетирип койду. Элчи болуп иштеп жаткандан кийин биздин мамлекеттик кызмат тууралуу мыйзамга толугу менен баш ийет. Анда мамлекеттик кызматкер эмнени жасай алары, эмнени жасай албай тургандыгы жазылган. Эмне үчүн ал биздин департаменттин директору кол койгон ички документти ачыкка чыгарат?" - деген Азымбакиев.



Буга улай эле "Азаттык" өткөн аптанын жума күнүнөн тарта уланып келе жаткан бул окуянын тегерегинде кенен макала жарыялады. Анда элчи Кылычбек Султан "дипломаттын этикасын бузду" деген дооматтарга каршы экендигин мындайча түшүндүргөн: "Дипломаттын этикасы" деген кооз сөз болгону менен маңызын караш керек да. Эгер ошону этика деп атай турган болсо, ал кыргыз элине кандай пайда алып келип жатат? Зыяндан башка пайда алып келбей жатса, аны биз "этика" деп кооз сөз менен жаап-жашырып отурганыбыздын кереги жок".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (21)
SERENADA.
2018-02-12 23:36:25
Кылыч Султан 100% прав, себеби чиновниктер ар куну эле ар олкого барып жатышат, ошондо баарын элчилер тосуп ала берсе алар иштебей эле чиновниктердин адъютант болуп калатко.
+14
aibars
2018-02-13 02:04:58
SERENADA., Биринчиден канчалык нараазы болгон кундо дагы Мамлекеттик сырды ачыкка чыгарууга укугу жок Кылыч Мырзанын.
Экинчиден булар Аскер адамдары, башка олколор аскер адамдарынын кайда чыгып жатканын билбешин жогорку денгеелде сактоого милдеттуу. Элчилик менен ТИМдин ортосунда буто турган иш. Башка олколор мисалы, АКШ, Орусиянын Элчилиги мамлекеттик ички сырды соцтармакка жазып корсунчу, 24 сааттын ичинде жок кылат.
+2
Dalil
2018-02-12 23:39:47
Муратбек Азымбакиевдин сөзү туура болсо Москвадагы элчиликти Домодедово аэропортуна эле которуп коюу туура болот. Анткени ар бир келип кеткен жаранды күзөтүү милдеттүү болсо ошол жакта эки смена менен тынбай иштегени иш табылат буюрса.
+14
ATLETICO
2018-02-13 00:02:03
Dalil, Москвадагы элчиликти жаап эле салыш керек, андай элчиликтин атыле болбосо затында бут ХХХХ иштейт, же болбосо Султан братты Москвага которуш керек.
+11
aibars
2018-02-13 02:08:12
Dalil, Эл Аралык мамилелер жонундогу билиминдин жоктугу ушундай тушунукко жетелейт.
-3
Kymyzkyz
2018-02-13 08:20:41
aibars, ушундай акылдуусунгандар күйдүрөтда. Сенин түшүнүшүң боюнча эл аралалык мамиле кетип жатабы бул жерде. Бул ТИМ менен элчинин ортосундагы мамиле болсо керек эл аралык эмес. Кылычбек Султан агабыздын айткандары туура элдин акчасына өз кызыкчылыгы үчүн барып шаар айланган чоң курсактарга кошомат кылып жүрүү элчинин иши эмес.
+1
jbolotov
2018-02-13 17:45:05
Kymyzkyz, Элчилер эл аралык мамиле (дипломатия) ны билиш керек, ТИМден билдируу барса фейсбука чыгарып койбой. ТИМ официалдуу адам десе бутту аны элчи официаллуубу же официалдуу эмесби аткарыш керек.Элчиде булар официалдуу эмес деп бутум чыгаруу укугу жок. Спортсмендерди тосуп жакшы иш кылды, анан буларды тос десе чычалабай тоссунда, башка ишида жок болсо керек.
-1
samsungc3
2018-02-13 00:07:26
"Жумурткадан кыр издеген"-деп коет кыргыздар.Жакшына иштеп атканда коро албастык кылбагылада "урматтуулар"! Кылычбек Султанчалык эч бирин кызматын ото элек али.Чыныгы мырзанын созуну суйлоптур.Ийгилик сизге Кылычбек ага.
+9
lady_91
2018-02-13 00:23:10
Кылычбек мырза тышкы иштер министирлигине татыктуу адам экени айдан ачык корунуп турат,бирок башчыларыбыз коркпой мындай чынчыл инсанга министирликтен орун бералабы?...
+4
jbolotov
2018-02-13 00:34:27
Тышкы иштер министирлигине Генералдык штабтан кат жолдогон экен, анда официалдуу иш менен Кореяга стажировкага 2 киши бармакчы болуптур, кайрылууда кызматкерлерди Кыргыз элчилиги тосуп колдоо корсотуусун сураптыр. Эми Кореяда биздин элчиликтин ишиделе жок болсо керек, тосуп дипломатиялык колдоо корсотуп койсо болмокда.Бейрасмий эмес деп шылтоону элчи айталбайт, аны мамлекет ТИМ чечет. ТИМден барган кагазды Султанов соц.баракчасына чыгарып койгонуда ТИМдин ички саясатына мамлекеттик саясатка -
0
jbolotov
2018-02-13 00:38:32
- мамлекеттик саясатка туура келбейт. ТИМдин ички жоболору боюнча мындай кылууга болбойт. Ар бир министирлике элчилик кызматтарга професионалдуу ишин билген илимдуу адам келбесе ушинтип баарынар уят болосунар.
+1
Kyrgyz_myrza
2018-02-13 00:41:47
Ушу Кыкени тим министрине коюш керекта.
0
aibars
2018-02-13 01:39:27
Кылычбек Султан ТИМдин буйругу менен Элчилик милдетин аткарып жаткандан кийин жана ТИМдин жеке сырын ачыкка чыгарууга укугу жок жана бул мамлекеттик сыр. Болгондо дагы аскер адамдарынын кайда кетип жатканы бекем сыр болушу керек. Тышкы иштер министрлигинин тапшырмасын так аткарышы керек.
-1
bakyt71
2018-02-13 01:46:26
Кыргызстан менен Корея аскердик карым катнаш бар экенин дуйного реклама кылып койду .Россиялык Роденко РФ спортчулары жонундо пикир айтып эмне болду?Чон олконун- чон дуйнолук спортчулары эмне болуп отурат.мам.сырды ачканы учун жоопко тартылсын!
-1
Fatimka
2018-02-13 01:58:18
Негизи Кылычбек Султан туура айтып жатат. Бирок тиги коррупцияга малынган чиновниктер каалаганын кылат да. Только оздорунун пайдасы учун, туугандары учун мамлекеттин казнасына кол салып туруш керек. Жемейинче тура албайт. Оз чонтокторунон эч нерсе чыгарышпайт. Бардыгы мамл н эсебинен болуш керек аларга-ХХХХ.
+2
PeRa
2018-02-13 02:35:31
Атамбаевдин кызы айткандай система бизди......... Системага каршы чыгуу онойго турбайт. ТИМ эми жон койбойт го.
+1
Kemel29101981
2018-02-13 02:56:39
Москвадагы элчиликке биз билбестен эле капа болуп журуптурбуз,эмнеге элге конул бурбайт деп. Корсо баары башкача турбайбы. Колдору бошобойт экен ТИМ табыштаган адамдарды тосуп-узатып.
+7
Jelezo
2018-02-13 09:58:50
Кыргызстанда каяктагы жашыруун сыр жашыруун сырды көчөдөгү аялдар бир күн мурун айтып берет.Жашыруун сыр деп Дачасуудагы самалетту айтыш керек
+1
bekush
2018-02-13 11:25:05
Жаш баладай чыга калып соц.баракчасына жарыялай калбай эле ишин кыла бербейби. ТИМдики туура!
-1
jbolotov
2018-02-13 17:52:00
Тоо десе бээ деген же саясатты тушунбой эле жазаберет экенда коммент жазгандар. Султановко окшоп ар бир элчилик оз билгенин талашаберсе ынтымак болбойтко. Чогуу команда болуп мамлекеттик саясат журсо жакшы болмок.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан