Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтүп жаткан Кышкы Олимпиада оюндарынын алкагында өлкөбүздүн атынан барган спортчу Тариэл Жаркымбаев Бишкек убактысы боюнча саат 15:34тө өз күчүн сынайт. Тариэл Жаркымбаев спорттун лыжа менен жарышуу түрү боюнча мелдешке катышат.
Мелдештин сайты кабарлагандай, эркектер арасындагы лыжа менен жарышуу боюнча мелдештин 1-этабы Бишкек убактысы боюнча саат 15:05те старт алмакчы.
1-этаптын жыйынтыгында спортчулар саат 17:25те чейрек финалдык бөлүккө чыгышат. Жарым финалдык бөлүк саат 18:05те старт алса, лыжа менен жарышуу боюнча мелдештин финалы саат 18:35те старт алмакчы.
Айта кетсек, дагы бир Кыргыз спортчубуз Евгений Тимофеев 18-февралда жана 22-февралда жарышка чыгып, слалом жана гигант слалом боюнча мелдеште өз күчүн сынайт.
Эске салсак, Кышкы Олимпиада оюндары 9-февралдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пйоңчаң шаарында өтөт. Олимпиадалык оюндардын ачылышы салтанаттуу өтүп, Кыргыз өлкөсүнөн барган делегация өлкөнүн желегин көтөрүп чыккан. Желекти спортчу Тариэл Жаркымбаев көтөрүп чыгып, делегациянын ак калпакчан чыкканы көпчүлүктүн көңүлүн бурган.