Баткен шаарындагы таштанды таштоочу жайга жакын аймакта, таштандылардын өрттөлүп жатканы боюнча Жаратылыш министрлигине караштуу, башкармалыктын инспекторлору кароо жүргүзүшүп, мыйзам бузуу фактысын аныкташты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Белгилей кетсек, рейддин жүрүшүндө “Баткен Тазалык” муниципалдык ишканасына Укук бузуулар кодексине ылайык 23 миң сом айып пул салынды. Ошондой эле шаардык мэрия тарабынан таштанды таштоочу полигондо көзөмөлдү күчөтүү максатында күзөт постун коюу жана видеокөзөмөл орнотуу, таштандыларды өз убагында тазалоо милдеттендирилгени маалым болду.