Талас облусунун Бакай-Ата районунда жалпы 275 окуучуга ылайыкталган беш мектептин, ошондой эле 140 орундуу эки бала бакчанын курулушу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 2-ноябрда президент Садыр Жапаровдун аталган аймакка болгон иш сапарында маалым болду.
Маалымдалгандай, президент райондун 2021-2026-жылдардагы социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары, ишке ашырылган долбоорлор жана мындан аркы өнүгүүсүнүн келечектүү багыттары менен таанышты.
"Райондун экономикалык өнүгүүсүндөгү маанилүү окуялардын бири - төө буурчакты кайра иштетүүчү заводдун ишке кириши болду. Долбоордун наркы 200 миллион сомду түзөт. Инженердик жана жол инфраструктурасын модернизациялоого өзгөчө көңүл бурулууда. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында 42,2 чакырым автомобиль жолу асфальтталды, 9 айылды камтыган 163 чакырым узундуктагы таза ичүүчү суу менен камсыздоо иштери жүргүзүлдү, 3 чакырым тротуар курулду, 55 чакырым узундуктагы көчө жарыктандыруусу орнотулду. Жоламан Ата атындагы парк кеңири реконструкцияланды. Долбоордун наркы 25 миллион сомду түздү",- деп белгиленди маалыматта.