Бишкектин мэри Айбек Жунушалиев менен вице-мэр Рамиз Алиев Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү оңдоп-түзөөдөн өткөн бульвар тууралуу кеп курду. Борбор калаа бийлиги жарыялаган видеодо Жунушалиев Алиевдин айтылган сындар боюнча узаткан суроосуна жооп берип жатканы тартылган.
Оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатканда бир топ негативдүү пикирлер болгону айтылат. Бишкек мэри иш жүрүп жатканда ар кандай пикирлер жаралып турарын белгилеген.
"Ал комментарийлер эмнеден улам жаралды? Видеолордо чаңдап жаткан бульварды көрсөтүп жатышса, керек болсо мен деле чочуладым. Бульварда жаңы сугаруу системдерин койсок дагы, арыктарды сактап калдык. Жаңы көчөттөр отургузулду. Бульвар дагы 100 жыл кызмат кылат",- деди Жунушалиев.