Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарынын тургуну Элнура Абдылдаеванын баласы Муслим тубаса глаукома (көз оорусунун бир түрү) дартынан жабыркайт. Ага 4 жашка чейин операция жасалбаса эки көзүнөн айрылып калышы мүмкүн. Жалгыз бой эне 2 жаштагы баласы менен турмуштун катаал сыноолорун башынан өткөрүп жаткандыгы тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 13-февралда айтып берди.
"Муслим төрөлгөндө эле дарыгерлер жүрөк кемтиги жана эки көзү көрбөйт деп, тубаса глаукома деген диагноз коюшкан. 3 айга чейин эч нерсе көрбөйт дешкен, бирок, бактыга жараша, көзү азыр бир аз көрөт. Баламдын көзү канчалык көрөрүн эч ким билбейт. Көзүндө басымы (давлениеси) бар. Ал көтөрүлгөн сайын Муслимдин көзү шиший берет. Убакыт өткөн сайын көзү чоңойуп, шишип, астындагы кирпиги көзүнүн ичин сайып жатат. Тубаса глаукома диагнозу менен төрөлгөн ымыркайларды 4 жашка чейин операция кылбаса, такыр эле көрбөй калат экен. Канчалык операция эрте кылынса, ошончолук көздүн көрүүсүн сактап калууга мүмкүн экен. Баламдын операциясы татаал болгондуктан дарыгерлер "баланы кыйнап коёбуз" деп, чет мамлекетке барууну сунуштады. Ак халатчандардын айтуусунда, операция Түркияда жасалып, эки көзүнө операция 7 миң долларга жасалат. Өзүм иштеп, акча табайын десем, баламды караганга эч ким жок. Мага дарыгерлер эртерээк операция жасатпасак көзүнө суу толо берип, жарылып кетиши мүмкүн деп айтышты. Ал эми жакындарымдын топтоп берген каражаты менен Муслимдин жүрөгүнө операция жасатканбыз. Азыр абалы жакшы болуп калды", - дейт Абдылдаева.
Элнура Абдылдаева жолдошу менен 3 жыл бирге жашаган. Алгачкы баш кошкон жылы Орусияда иштеп жүрүп, кош бойлуу кезинде кайтып келишкен. Кайненеси экөөнүн ортосунда түшүнбөстүктөр болуп, уруш-талаштан тажаган Элнура ата-энесинин үйүнө кетип калганын айтат.
"Жолдошумдун үйүндө көп киши жашачу. Кайненем экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болду. Угушума караганда, күйөөмдүн ата-энеси башка бир кызды алып бермек экен. Уруш-талаштан тажап, апамдын үйүнө баса бергем. Күйөөм башында келип-кетип турду. Балабыз оорукчан төрөлгөндөн кийин такыр эле дайыны жок болуп кетти. Эсимде, кош бойлуу кезимде тортко талгак болдум. Кайненеме айтсам "менин балам сага миллионердин баласыбы?" деп көп нерсени айтып урушту. "Бар үйүңө барып, каалаган нерсеңди жей бер" деп апамдыкына алып келип таштап коюшту. Ызаланып ыйлап, ойлоно бергем. Балким, стресстин залакасы курсактагы балама терс таасирин тийгизгендир", - деп кошумчалады каарманыбыз.
Жалгыз баласынын көзүн сактап калууну каалаган эне жетиштүү каражатты топтоого үй-бүлөсүнүн чамасы жетпей турганын билдирди. Мындан улам Элнура Абдылдаева кайрымдуу адамдардын жардамына муктаж.
Жардам берүүнү каалагандар үчүн Элнура Абдылдаеванын байланыш номери 0 (770) 30-47-05, 0 (709) 30-47-05, Элнуранын апасы Жылдыз менен 0 (779) 17-05-77 номери аркылуу байланышууга болот.