2018-жылдын январь айында ИДПнын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 2,3 пайызга өстү

Бүгүн, 13-февралда Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланууда.

"Ички дүң продуктунун (ИДП) көлөмү, ушул жылдын январь айында 27 миллиард сомдон ашты. Ошондой эле мурунку жылдын ушул мезгилине салыштырганда 2,3 пайызга өскөн", - деп билдиришти аталган комитеттен.

ИДПнын 47 пайызын кызмат көрсөтүү тармагы, 27 пайызын өнөр жай, 8 пайызын айыл чарба жана 3 пайызын курулуш тармагы түздү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан