Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети камакка алынган Жогорку Кеңештин кызматкери Арсен Закировдун иши боюнча маселени жабык эшик артында карап жатат.
Бул тууралуу КСДП фракциясынан депутат Ирина Карамушкина сунуштады.
Карамушкина комитет жыйынына УКМКнын өкүлү келгенин айтып, андан маалымат алууну сунуш кылды.
"Бүгүн биздин жыйынга УКМКнын жетекчисинин орун басары катышып жатат. Ошондуктан күн тартибине киргизилген маселелерден кийин Арсен Закиров боюнча маалыматты уксак. Азыр тергөө иштери жүрүүдө. Бул абдан талкууга түшкөн окуя болгондуктан биз өзүбүздү ыңгайсыз сезип жатабыз", - деди Карамушкина.
Жыйынтыгында депутаттар эл өкүлүнүн сунушун колдоду.
Айта кетсек, УКМКдан Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитетинин бөлүм башчысы Арсен Закиров мыйзамсыз түрдө 2 миллион сомдон ашуун каражатты ыйгарып алган деп шектелип кармалганын билдиришкен.