"Республика-Ата Журт" фракциясынан депутат Абдыбек Дүйшалиев Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитетине мүчө болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин тийиштүү комитетинде каралды.
Жыйынтыгында депутаттар тийиштүү токтомду кабыл алып, Дүйшалиев аталган комитетке мүчө болду.
Эске салсак, 24-январда Борбордук шайлоо комиссиясы Дүйшалиевге мандат тапшырган.
Абдыбек Дүйшалиев 2014-жылы Мамлекеттик каттоо кызматына караштуу Транспорттук каражаттарды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин директору болуп эмгектенген.