Бүгүн, 13-февралда Улуттук статистика комитетинде Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын январь айындагы социалдык-экономикалык абалынын жыйынтыктары талкууланууда. Анда 2017-жылы чакан ишканаларды эсепке албаганда орточо айлык акы өскөнү айтылды.
Маалыматка караганда, 2017-жылы орточо айлык акы (кичи ишканаларды эсепке албаганда) 15 миң 391 сомду түзүп, 2016-жылга салыштырмалуу 6,7 пайызга өскөн.
Эң көп айлыкты Бишкек шаарында иштегендер алышса, эң төмөн айлык акы Ош облусунда катталып, орточо суммасы 10 миң 600 сомду түзгөн.
Жүргүзүлгөн статистикага караганда, аялдар эркектерге салыштырмалуу эмгек акы аз төлөнүүчү жумуштарда иштешет. Аялдардын көбү билим берүү, эркектердин көбү кен казуу тармагында иштешет.