Бүгүн, 13-февралда парламентте Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынынын күн тартибине коюлган кадыр-баркты басмырлаган мамиленин алдын алуу маселеси каралган жок.
Бул сунушту комитеттин төрагасы Канат Керезбеков киргизди. Анын айтымында, мамлекеттик органдар дагы толуктоолорду киргизип жатат. Депутат кийинкиге жылдырууну сунуштады.
Жыйынтыгында депутаттар сунушту колдоду.
Баяндаманы Улуттук борборунун директору Нурдин Сулайманов жасайт.