Каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун ордуна келчү депутатка качан мандат тапшырыла турганы дале белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда SUPER.KG порталына Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.
Анын айтымында, аталган комиссия тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөтүшкөн. "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде депутаттыкка кезекте турган Насыр Мусаевдин соттолгон же соттолбогонун текшерүү жана башкаларды тактоо үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга суроо-талаптарды жөнөткөнбүз. Жооп келгенден кийин БШК ага мандат тапшыруу чечимин кабыл алат. Мыйзамга ылайык, мамлекеттик органдар суроо-талаптар боюнча бир айда жооп бериши керек", - деди Бекматов.
Абдыжапар Бекматов билдиргендей, БШКга "Кыргызстан" фракциясы Насыр Мусаев ооруп, чет мамлекетте жүргөнү боюнча кабарлаган.
19-январда БШК каза болгон Жыргалбек Калмаматовдун депутаттык ыйгарым укуктарын токтоткон. Жогорку Кеңештин "Кыргызстан" фракциясынан депутат Жыргалбек Калмаматов ушул жылдын 1-январында каза болгон. Аталган фракциянын катчылыгы "Кыргызстан" партиясынын тизмеси боюнча депутат болууга кезекте Насыр Мусаев турганын билдирген.