Жогорку Кеңештин комитети айыл башчыларын, шаар мэрлерин шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун жактырды

Бүгүн, 13-февралда Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитеттин жыйынында айыл башчыларын, шаар мэрлерин шайлоо тартибин өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда каралды. Мыйзам долбоору өкмөт тарабынан демилгеленген.

Маалыматка ылайык, шаар мэрлерин, айыл өкмөт башчыларын шайлоодо айрым фракциялар жана депутаттык топтор саясий көз караштарынан жана жеке кызыкчылыктарынан улам бойкот жарыялоо аркылуу атайылап кворум болтурбай койгон учурлар бар. "Муну менен алар жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарынын башчыларын шайлоону үзгүлтүккө учуратышат. Бул жагдайга байланыштуу мыйзам долбоору менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилерин шайлоо үчүн талап кылынган депутаттардын минималдуу санын аныктоо сунуш кылынууда. Мыйзам долбоорунда кворум үчүн жергиликтүү кеңештин депутаттарынын жалпы санынын үчтөн экисинин ордуна көпчүлүк депутаттардын катышуусу каралууда", - деп жазылат маалыматта.

Жыйынтыгында комитет мүчөлөрү мыйзам долбоорун талкуусуз эле 3-окууда жактыруу чечимин кабыл алышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Dastanke2014
2018-02-13 12:50:57
Айыл аймак башчыларын эл шайласа жакшы болмок. Бул менин жеке оюм
0
keba300989
2018-02-13 13:03:17
Dastanke2014, Айыл аймак башчыларын эл шайлап ататко сиздер депутатты туура шайласаңар ошол депутат айыл башчысын шайлайт.
0
Jelezo
2018-02-13 13:16:15
Он депутатты любой соодегер же черный сатып ала алат айыл окмот башчыны эл шайласа элдин астында жоопкер болмок азыркы айыл окмот башчылар келген конокторду тосуп райондун акимине акча топтоо менен анан шайлоодо бийликтин эн чон куралы бойдон калууда.2009 жылы К.Бакиевдин инилери ар бир окмотко озунун адамдарын алып баруу учун жана ар бир орунду сатуу учун ушул мыйзамды кабыл алдырган,А.Акаев берген демократияны Бакиевдик клан артка кайтарган ошентип Кыргызстан эки кадам аркага кеткен.Азыркы би
0
BekAmir
2018-02-13 16:27:06
Эл шайласын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан