Быйыл унааларды каттоо арзандайт

Бүгүн, 13-февралда автотранспортторду кайра каттоо боюнча маалымат жыйын болуп өттү. Ага Мамлекеттик каттоо мекемесинин кызматкерлери катышты.

Аталган мекеменин кызматкери Русланбек Сарыбаевдин айтымында, быйыл унааларды каттоонун баасы баштагыдан арзандайт.

"Унааны каттатуу 2500 сомдон 5000 сомго чейин болсо, жаңы баа 500 сомдон жогору болот. Учурда токтом иштелип жатат. 2016-жылы 104 883 унаа каттоодон өтсө, 2017-жылы 136 291 унаага жеткен", - деди ал.

Белгилей кетсек, "Таза коом" долбоорунун алкагында айдоочулар сөзсүз түрдө унааларын өздөрүнө каттатуусу зарыл.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Uragan07
2018-02-13 12:56:58
Кайсы числодо башталат экен э?
+2
sabyrer82
2018-02-13 13:04:15
Жакшы жанылык экен!
+1
daiyrbek01
2018-02-13 19:04:00
Куто турганда болмок экен кечоо алмаштырдым налогу менен 6000 сом кетти
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан