Учурда күрөөдө турган унааларды сатып алып, каттоодон өткөрө албай жүргөндөр көп. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда автотранспортторду кайра каттоо боюнча маалымат жыйынында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук күбөлүктөрдү каттоо департаментинин директорунун орун басары Усеин Касымалиев билдирди.
"Көп жарандар унааларын кайра каттатканда көйгөйлөр жаралууда. Учурда күрөөдө турган унааларды сатып алып, каттата албай жаткандар көп. Себеби арзан деп нотариустардан эле 750 сомдон 1500 сомго чейин ишеним кат жаздырып алышат. Нотариустар ал унаа күрөөдө турганын билбей, ишеним каттарды бере беришет. Убакыт өткөндөн кийин кайра унаанын ээси сот аркылуу өзүнө өткөрүп алат, себеби унаа анын атына катталган", - дейт Усеин Касымалиев.