Аялдардын жатын рагын радиоактивдүү нур аркылуу дарылоочу аппарат жарактан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Улуттук онкология жана гематология борборуна 32 миллион сом бөлүнүп, 2016-жылы "АГАТ-ВТ" аппараты сатып алынган.
"Учурда аппарат бузулуп, иштебей турат. Азыркы тапта адистер Бишкеке келишти. Аппарат эмне себептен жарактан чыкканы аныкталууда", - деп билдиришти министрликтен.
Аталган аппарат жатын рагын, ичеги-карын ооруларын дарылоодо колдонулат.
Буга байланыштуу министрлик жаралган ыңгайсыздыктар үчүн бейтаптардан кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.