Кыргыз кызы менталдык арифметика боюнча "АМАKids World Cup-2018" Дүйнө чемпиондугунда жеңишке жетти. Бул тууралуу Менталдык арифметика академиясынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 6 жаштагы Акак Камелова Москвада өткөн менталдык арифметика боюнча Дүйнө чемпиондугунда үчүнчү орунду жеңип алган. Аталган сынакка дүйнөнүн 11 өлкөсүнөн миңден ашуун бала катышкан. Кыргыз өлкөсүнүн атынан 9 катышуучу барган.
"Сынактын миң катышуучусунун арасынан 120 бала финалга чыккан. Алар байгелүү орундар үчүн күч сынашты. Баш байге - Париждеги көңүл ачуучу парк-комплекс "DisneyLand'ге" жолдомо болду", - деп билдиришти академиядан.