Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов дем алыш күнү паспортсуз сим-карта сатып алганын, бул абдан кооптуу экенин айтты. Абдыгулов бул тууралуу Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында электрондук капчыктарга байланыштуу маселе каралып жаткан учурда айтты.
"Мен сим-картаны эч кандай документимди көрсөтпөстөн туруп сатып алып, уюлдук оператордун тиркемесин көчүрүп, тоскоолдуксуз кызмат акы төлөдүм. Мындайда кайсы кардар, кайсы жакка, кандай максат менен акча которуп жатканын эч ким билбейт. Акырында сим-картанын чыныгы колдонуучусу эмес, жооптуу катары аны саткан байкуш дилер кармалат. Бул улуттук коопсуздук үчүн, өлкө үчүн кооптуу. Анын кесепетинен бизди кара тизмеге киргизиши мүмкүн, биз кийин андан чыга албай калабыз", - деди Абдыгулов.
Депутаттар электрондук капчыктарга байланыштуу маселеде Улуттук банк жана уюлдук операторлор макулдашуу жолу менен бир келишимге келиши керектигин билдирди. Эки тарапка бир чечимге келүү үчүн убакыт берилди.