Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин катчылыгы менен жумушчу жыйын өткөрдү

Бүгүн, 13-февралда президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңештин катчылыгы менен жумушчу жыйын өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жыйында 2018-жылы 8-февралда болуп өткөн Коопсуздук кеңешинин жыйынтыктары, келип түшкөн сунуштарды эске алуу менен анын чечими талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин катчылыгына кеңештин акыркы жыйынынын чечимине ылайык, биринчи кезекте өлкөнүн укук коргоо, сот жана көзөмөлдөөчү органдарында коррупцияга каршы чараларды ишке ашыруу боюнча активдүү жумушту баштоо тапшырмасын берди. Ошондой эле президент коррупция менен күрөшүүчү органдардын бардык жетекчилик курамына талдоо жүргүзүүнү тапшырды.

"Мамлекеттик түзүмдөрдүн, анын ичинде укук коргоо, көзөмөл жана сот органдарынын кызматкерлеринин декларацияларын дыкат текшерүү зарыл. Укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин чыгашалары дыкат текшерилет. Кыргыз жарандары мамлекеттин бардык тармактарында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча чечкиндүү чараларды күтүүдө", - деп белгиледи Жээнбеков.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (15)
KGstan1981
2018-02-13 16:55:29
Жээнбеков эмне учун ТЭЦтеги коррупция жонундо унчукпайт.Ал жакта Жээнбековтун мультимиллионер досунун тиешеси бар.8 февралда б-п откон жыйында бул мультимиллионердин жазылган сценарийиси элди алаксытыш учун бул жыйын отту.Болбосо Кадамжайда жана Джалал-Абадта элдер которуло башташкан эле.
0
Bazake
2018-02-13 20:21:33
KGstan1981,ТЭЦке да кезек келет. Ал жерде кимдер коррупциялык аракетке барса ким болбосун жоопко тартылат. Жалал-Абад менен Кадам-Жайда эл неге которулгонун билип алсан болмок жердешим.
+1
KGstan1981
2018-02-14 01:11:11
Bazake,Коп эле умный болуп коруно бербегин.Майдандын эли алтын кендин иштетилишине каршы чыгышты.Ал эми бийлик бул алтын кенин иштеткени жатат.ТЭЦтеги акчаны мультимиллионердин командасы качан эле жеп салышкан.Жээнбеков мультимиллионер досун эч качан соттобойт.
0
kyrgyz.kg83
2018-02-13 16:57:37
Бул бийлик өз элинен кооптонуп.кенеш өткөрүп жаткан турбайбы
+1
Bazake
2018-02-13 20:25:28
kyrgyz.kg83,Кооптонуп кенеш откоргону кызык экен. Акыл эси жайында адам кантип сага окшоп ой жугуртот. Просто уят
+2
alyaiza
2018-02-13 18:06:55
олкодо болуп жаткан баш аламндыкты окуп билип,коруп мен чарчадым куйбогон жерим Кул болуп
ал Эми чон кызматтагылар прездентибиз баш болуп ооз коштуруп мактангандан чарчабады
Жараткан ынсап берсин биздин олко бачыларына.
0
Bazake
2018-02-13 20:27:16
alyaiza,Чарчабаш учун ар бирибиз коррупцияга, мыйзамсыздыкка каршы туралы. Сени ким чарчатып жатканын айтчы. Маалымат каражаттарына жазып чык. Чарчаткандар ким экенин биз да билели.
+1
Jelezo
2018-02-13 18:22:23
Урматуу Президент алты жыл жыйын өткөрүү менен өтүп кетбесе экен
+1
madrid7000
2018-02-13 19:06:01
Сооронбай Кыргызстанды жыргатаарына такыр козум жетпейт
-3
Bazake
2018-02-13 20:23:33
madrid7000,Кайдыгер адамдар гана ушундай пикир жазат. Сооронбай эмне сенин кетменинди чаап, орогунду орсунбу. Кыргызстанды жыргатыш учун ар бир жаран таза ишеши керек. Бир эле президент жыргатып жибергидей ал сыйкырчы эмес. Реалдуу болсонор.
+2
madrid7000
2018-02-13 20:39:42
Bazake,Моюнунан байланган иттей болуп журсо,кантип ишенесин?Ит жылы дагы дейби?
Таза-таза.Таза экенин кайдан билесин?Шайлоого жакын озун катуу мактады го чиркин тазамын деп.Озун мактагандан олгончо кач,дейт!Дагы бир жолу айтам Сокен жыргатпайт!!!!!!!
-1
Bazake
2018-02-13 21:29:22
madrid7000,Саясатчылардын кимиси кандай экенин элдин баары билет. Соке 25 жылдан бери чон кызматтарда журуп бир да жолу булганган эмес. Эгер колун салганда президенттик шайлоодо Бабановдун 15 эксперти таап чыкмак. Алар 2 ай издеп эч нерсе таппай койду го.
+2
madrid7000
2018-02-13 22:01:57
Bazake,Бийликке чабак урбай эле койгулачы.Эгер Соке шайлоого озу барганда (ашанын жардамысыз),Бабановдун чанында калмак.Бийлик бийликтигин кылып болгон жерин жашырып,болушунча мактады го.
0
Ramis.Ramis.kg
2018-02-13 21:38:32
Убакыт корсотот иштегенине бир жыл боло элек бир жыл иштегенден кийин комент жазгыла сразу эле боло калбайт Москва деле бир жылда курулган эмес
+1
Ali-han
2018-02-13 23:13:17
Парламентке бир баш багып койунузчу урматтуу Президент! Мага 20 миң айып пул салам деп жатат)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан