СУПЕРСТАН: "Алыскы туугандан жакынкы кошуна артык"

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Менин кошунам" деген тема талкууга алынган. Темадагы билдирүүлөрдөн:

"Терезеси менин үйүмдү караган кошунам менин кандай жашап жатканымды бүт билет. Билип эле калбастан баарына айтып чыгат. Ушундайын билгенден бери "салам, кандайдан" ары өтпөйм. Ашыкча сүйлөбөйм. Балдарымды да балдарына кошпойм".

"Кичинекей кезимде кошунабыздын үйүндө эле жашачумун, аябай жакшы кошунабыз бар эле. Кемпири өтүп кеткен абышка, анын улуу жана кичүү кызы, улуу кызынын баласы болуп жашашчу. Үйүндө жаш баласы жок болгонгобу, таттууларынын баары меники эле. Өзүбүздүн үйгө караганда ошол үйдө көбүрөөк болот элем".

"Бизде Зарипа деген кошуна эжебиз бар эле. Эмне сурасаң, так ошол нерсеси түгөнгөн болот эле. Тузбу, унбу, томатпы, ширеңкеби, эмнени сурасаң да "ии, азыр эле акыркысын колдондум эле" деген жообун узатчу".

"Айылдагы коңшулардын баары жакшы. Жакшылык, жамандыкта тик туруп, күнү-түнү кызмат кылып беришет. Айылга барганда коңшулар менен кобурашып, кыйла эс алып келем. Шаарда көп кабаттуу үйдө жашап жүргөндө беш-алты коңшумду таанычумун. Алар менен кээде эле учурашып койгонум болбосо сүйлөшчү эмесмин. Жер үйгө келип жашагандан бери бир да кошуна менен тааныша элекмин".

"Кошунамдын баары туугандарым, чынында көрө алышпайт. Эмне сатып алып, эмне кылып жатканымды көз жаздымда калтырышпайт. Мурун жакшы болчу. Бара-бара адамдардын пейили өзгөрдү".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Eksvp_1
2018-02-13 22:05:05
Азыркы заманда алыскы тууган менен жакынкы кошунанын айырмасы жок. Кошунаң жериңди талашып жатса. Дагы бир макал: атаңды өлтүргөнгө, энеңди бер деген макал да актуалдуулугун жоготу. Бул макалды Кыргыздар уруу уруу болуп урушкан убакта акылдуу кыргыз, кыргыз эли тукум курут болуп калбашы үчүн айтылган макалы. Анда да энеңди бир гана кыргызга бер деген.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан