Интернетте сын-пикир жазгандарды жоопко тартуу сунушталууда. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети 12-февралдагы жыйынында бул багыттагы мыйзам долбоорун талкуулап, биринчи окууда жактырды.
Демилгечи депутат Дастан Бекешевдин айтымында, мыйзам долбооруна ылайык интернетке сын-пикир жазгандарга моралдык чыгым үчүн 20 миң сомдон жогору айып салынат. Демилгени колдогон депутат Тазабек Икрамов айып пулдун көлөмүн 50 миң сомдон жогору кылуу керектигин айтты.
Бирок демилгеге айрым депутаттар каршы чыгышты. Депутат Жанар Акаев каршы пикирин: "20 миң сом мени абдан кооптондурат. Сиз азыр эң аз дегенде 20 миң деп айтып жатасыз, анда эң жогорку сумма да көрсөтүлүшү керек. Азыр бир канча журналисттер, сайттар соттон башы чыкпай жүрөт. Бул мыйзам менен коомду бир аз чочулатып алышыбыз мүмкүн. Биз ар бир адамды мен жөнүндө жакшы кабар бер деп мажбурлай албайбыз. Алар каалаганын берет", - деп түшүндүрдү.
Талкуу соңунда депутаттар Жанар Акаев, Аида Касымалиева жана Наталья Никитенко каршы добуш берсе, комитеттин калган мүчөлөрү демилгени колдоого алып, жактырышты.
Буга чейин Бекешев сунуштаган мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин расмий сайтында коомдук талкууга коюлганда интернет колдонуучуларынын арасында нааразычылыктарды жараткан. Депутат кийинчерээк мыйзам долбоорунун текстинде ката кеткендигин, аны толуктап иштеп чыгуу максатында кайра кайтарып алгандыгы маалымдалган.