Кара-Сууда тамакка уулангандардын ичинен 3 адамдын абалы оор. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, алар жандандыруу бөлүмүндө. Ал эми калган 7 адамдын абалы канааттандырарлык.
Ошондой эле тамак-ашка ууланган 7 баланын бешөөсүнүн абалы оор.
"Уулануудан жабыр тарткан 17 адамга тең тийиштүү жардамдар көрсөтүлгөн. Алдын ала маалымат боюнча бейтаптар колго жасалган өрүктүн ширесинен ууланганы айтылууда", - деп билдиришти министрликтен.
Уулангандар тамактанган М.К. аттуу тургундун үйүнөн тамактын калдыктары экспертизага алынган. Ошондой эле алардын үйүндөгү кышка даярдалган 45 банка ар кандай азык-түлүктөрдү экспертизанын жыйынтыгы толугу менен чыкмайынча колдонууга тыюу салынган. Белгилей кетсек, 12-февраль күнү түштөн кийин Кара-Суу районунун Отуз-Адыр айылында тургундар өздөрүн жаман сезип, ооруканага кайрылышкан.