Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы Дастан Догоев кызматтан эмне себептен кеткени белгилүү болду. Аталган мекеменин маалымат кызматынан SUPER.KG'ге билдиришкендей, Догоев үй-бүлөлүк шартына байланыштуу ушундай чечимге келген.
"Ал киши арыз жазып кызматтан кетүүсүнө жеке үй-бүлөлүк шарты түрткү болгонун айтты. Ал эми жоопкерчиликтүү ишине ишеним көрсөткөнү үчүн президентке, өкмөт башчыга жана Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылыгын билдирди", - деп айтышты каттоо кызматынан.
Догоев ээлеген кызмат ордунан кетүү тууралуу арыз жазып, ага премьер-министр Сапар Исаков бүгүн, 14-февралда кол койду.
30 жаштагы Дастан Догоев Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагалыгына 2017-жылдын июнь айында дайындалган болчу. Ага чейин 2014-жылдын июнь айынан бери Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп келген. Мамлекеттик сатып алуулар департаментинин директору Алина Шаикова ээлеген кызматынан бошотулуп, Мамлекеттик каттоо кызматынын төрайымы болуп дайындалды.