“Журналисттер эл өкүлдөрүнүн коомдук транспорт менен жүргөнүн чагылдырбай, аялдардын төрөтүнө көңүл бурушу керек”, - деп бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында КСДП фракциясынан депутат Альфия Самигуллина билдирди.
Депутат журналисттерди коомго ызы-чуу жараткан маалыматты эмес, пайда алып келе турган жаңылыктарды чыгарууга чакырды.
“Депутаттардын сөздөрүнөн коомго пайда алып келе турган маселени чагылдыруу керек”, - деди эл өкүлү.
Эске салсак, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Камчыбек Жолдошбаевжөө, коомдук унаа менен жүргөн кесиптештери үчүн уялып, баш кийимин ылдый басып унаа менен Ак Үйгө кирип жатканын айткан. Мындан улам эл өкүлү журналисттерди залдан чыгарып, кызматтык унаа, жардамчы боюнча маселени кайрадан карап чыгууну сунуштаган.
Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын жетекчиси Ибраим Нуракун уулу кайсы депутаттар коомдук транспорт менен жүрө турганын жарыялаган. Алар: Карамат Орозова, Евгения Строкова, Аида Касымалиева жана Альфия Самигуллина.