СУПЕРСТАН: "Болочоктогу жарыңды жүрөгүң тандап, ага ата-энең дагы ыраазы болсо..."

SUPER.KG порталынын "Суперстан" бөлүмүндө "Үй-бүлө куруудагы ата-энелердин же өзүбүздүн чечимибиз" деген тема талкууланып жатат. Автор төмөндөгүдөй билдирүүсүн калтырган:

"Кызы же уулу үй-бүлө куруп жатканда ата-энелердин өз ара, бизсиз чечим чыгарганына кандай карайсыңар? Албетте, ата-эне өз уул-кыздарына эч качан жамандык каалабайт. Дегеле айтып калышат эмеспи, "Тааныш досумдун же болбосо тигинин жакшы уулу же кызы бар. Таанышып сүйлөшүп көргүлө, эгер жылдызыңар туура келсе, үйлөнөсүңөр" деп. "Апа" же "ата, коё турсаңыз" дегениңе карабай "болду, сөз бүттү" деп уул-кызынын оюн укпай кызын тааныбаган жигитке же бир дагы жолу сүйлөшүп көрбөгөн балага турмушка узаткандар бар. Ошондой эле уулдарынын сүйлөшкөн кызы бар болсо да "ушул кызды аласың, жакшы келин болуп берчүдөй" деп тойду тездетип үйлөнтүп салышат. "Суперстандагы" форумчулардын арасында да ата-энелери чечим чыгарып үй-бүлө күткөндөр бар болсо керек, алардын кызыктуу ойлорун угуп көрөлүчү".

Колдонуучулардын билдирүүлөрүнөн:

"Ата-энеси тапканга эле тийген жакшы экен. Эгер өзүң тапканга тийсең, Кудай сактасын, турмушта өйдө-ылдый болот экен, ошондо арыздансаң, "өзүң тапкансың" дешет. Мен да 18 жашымда "ушул балага тийбесем асынып өлөм. Ушуга бербесеңер өмүр бою күйөөгө тийбей өтөм" деп көзүмдүн жашын көлкүлдөтүп жүрүп тийген болчумун. Азыр бир нерсе деп айта албайм, бир нерсе десем эле "өзүң таап тийгенсиң, кой, десе болбой" деп урушат. Өзүм да жинди экенмин, "бербесеңиз өлөм" деп кайсы бетим менен айттым дейм да. Азыр ошол кездеги айткан сөздөрүмдү эстеп уялам".

"Жүрөк тандап, ага ата-энең да ыраазы болсо..."

"Мен өзүм тапканга тийгем. Башында апам жана туугандар каршы болушкан, атам билчү эмес эле. "Өзүң менен тең экен, али жашсыңар, жашоо кыйын, сүйлөшпө, тием деп да ойлобо" дешкен. Кийин атама айтсам "Өзүңдүн көзүң жетсе тие бер, бакыт каалайм, ыйлап келбесең болду, кызым" деген. Атам менен байкем колдошкон. "Сенин жашооң, өзүң чеч" деп. Кудайга шүгүр, туура жар тандаганыма шүгүр кылам. Келечектеги жолдошун тандоону ар кимдин өзүнө коюш керек. Анткени тандаган жолдошу менен өзү гана жашайт".

"Балдар апасы тапкан кыздарга үйлөнө беришсин. Азыркы кайненелер укмуш эми, сүрүштүрүп, керек болсо өздөрү кыз менен таанышып, сүйлөшүп анан балдарына алып беришет. А кыздар жактырганына эле тийсин".

"Ата-энең тапканды да бир көрүп коюу ашыктык кылбайт. Биз, эркектер майда-чүйдөсүнө көңүл бөлбөйбүз, 5 килограмм "шпаклёвка" менен тырсыйган шым кийип алган кыздар тим эле укмуш көрүнөт, ичинде ит өлгөнү менен ишибиз жок. Ата-энелерибиз теги ким, кимдин кызы, тарбиясы кандай, ата-энеси кимдер, баарын сураштырып, жакшы болгон соң сага айтат".

Талкууга кошулгуңуз келсе, бул жакка кириңиз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
PeRa
2018-02-15 20:32:57
Багына жазганына баш кошосун, тигиндей туура же мындай туура деп айтууга болбойт. Куйоосун жиликтеген келинди баланын апасы тандап алып бериптир мисалга. Суйуу болбосо чогуу жашоо да кыйын. Бирдиктуу бакыт формуласы табыла элек азырынча.
0
Tyty1990
2018-02-15 21:06:42
Адам кандай болсо,аллах ошондой адамга жолуктурат деген хадис бар.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан