Бүгүн, 16-февраль. Күн ичинде болгон окуяларга саресеп салабыз.
Бишкек ЖЭБиндеги аварияны иликтөөчү Жогорку Кеӊештин депутаттык комиссиясы бүгүн ЖЭБдин абалын көрүп чыкты. Жооптуу жетекчилер ЖЭБдин жабдыктарын, химиялык блокту көрсөтүп, кырсыктын келип чыгуу себептерин айтып беришти. Комиссиянын мүчөсү Аалы Карашев авариянын алдын алган эмес деп ЖЭБдин ал кездеги башкы инженеринин орун басары, учурда ЖЭБди жетектеп жаткан Андрей Воропаевди күнөөлөдү. Воропаев өкмөттүк комиссиянын маалыматын кайталап, күнөөнү ЖЭБдин тийиштүү кызматкерине оодарды. Экотехинспекция ЖЭБ авариясына күнөөлүү адамдардын аты-жөнү жакын арада жарыялана турганын билдирди.
ЖЭБ авариясын иликтеген өкмөттүк комиссия аварияга жол берген деп ЖЭБдин жана "Электр станциялары" ишканасынын жооптуу адамдарын атады. Ошондой эле ЖЭБдин тийиштүү кызматкери жетекчилик менен макулдашпай туруп кампадан тузсуз сууну азайтып жиберген, анын айынан жабдыктар иштен чыкканын өз убагында аныктай алган эмес деп айтылат жыйынтыкта. Ошентип, жиптин учу ЖЭБдин кызматкерин көздөй баратат. Азырынча "Улуттук энергетикалык холдингдин" жетекчиси Айбек Калиев жана Бишкек мэри Албек Ибраимов өӊдүүлөрдүн жоопкерчилиги жөнүндө сөз жок. 386 миллион долларга ЖЭБдин үчтөн бири гана жаӊыланып, ошол эле кезде жаӊы бөлүгүнө химблок курулган эмес. Дал ушул жагдай кыш чилдеде Бишкекти 5 күн суукка калтыруунун бир себеби болуп чыкты. 2014-жылы ЖЭБди жаӊылоо ишин Кытайдын ТВЕА компаниясына берүүгө ал кездеги энергетика министри, учурда парламент депутаты Осмонбек Артыкбаевдин салымы зор. Авариядан кийин Жогорку Кеӊеште маалымат берүүдө премьер Сапар Исаков көп каражат жумшалганына карабай энергетика тармагында абал дале оор экенин айтты. Сынды өзүнө алдыбы, айтор, Артыкбаев премьерге "жалаӊ эле сын айта бербей, жакшы иштерди дагы айта жүргүлө" деп кеӊеш берди.
Депкомиссия ЖЭБди жаӊылоого 386 миллион доллар кандай жумшалганын иликтеп чыгууга тийиш. Депутат Исхак Масалиев 386 миллионго тийиштүү бардык материалды УКМК алып кеткенин, бул депутаттык комиссиянын ишин артка тартышы мүмкүн экенин билдирди. Депутат ал документтердин көчүрмөсүн болсо да алуу керек дейт.
ЖЭБ окуясы комиссиянын иш жыйынтыгына жараша өнүгөт. 2013-жылы кримавторитет Азиз Батукаевдин окуясы боюнча депутаттык комиссиянын корутундусуна анын айрым мүчөлөрү кол койбойбуз деп чыгышкан. Пикир келишпестиктин айынан бир комиссия 2 бөлөк жыйынтык чыгарган окуялар да бар. ЖЭБ боюнча комиссияда КСДП фракциясынан 5, "Республика - Ата Журттан" 3, "Кыргызстандан" 2, калган фракциялардан бирден депутат бар. Төрагалык тизгин КСДПнын колунда. Депутаттар тобу 386 миллион доллардын жумшалышын адилеттүү иликтесе коррупцияга шектелип жаӊы ысымдар аталышы мүмкүн. Убагында Кытай компаниясынын кызыкчылыгын коргоду деген айыптоо мурдагы транспорт министри Замирбек Айдаровду, мурдагы премьер Темир Сариевди отставкага кетирген. Айтор, Кыргыз чиновниктеринин аты мындай чыр иштерде көп айтылат. Депутаттык комиссия 386 миллион доллардан илинчек тапса, коррупцияга каршы жыйынтык көрсөтүүгө ашыгып турган УКМК, Башкы прокуратура жана Финпол баса калышы керек болот. Эгер президент Сооронбай Жээнбеков, аталган органдар чын эле коррупцияга каршы тегиз күрөшөбүз дешсе...
Бишкекте эл ташыган коомдук унаалар катышкан жол кырсыгы өсүүдө. 9-февралда Элебесов-Витебский көчөлөрүнүн кесилишинде кичи автобус 1 аялды кызы менен кошо сүзүп кеткен. Жаракат алган аял каза таап, кызынын өмүрүн сактап калуу үчүн дарыгерлер анын 1 бутун кесишти. 14-февралда маршруттук такси жеӊил унааны сүзүп, 3 адам жаракат алды. 16-февралда Көк-Жар кичи районунда жүргүнчү ташыган кичи автобус жол кырсыгына кабылып, бир аял жаракат алды. Булар акыркы 1 аптада Бишкекте гана катталган кырсыктар.
2017-жылы Бишкекте коомдук транспорттун катышуусунда 252 жол кырсыгы болуп, андан 2 адам каза тапса, 408 адам жаракат алган. Азыркы тапта Бишкек шаарында күнүнө 2700 кичи автобус каттамга чыгат. Жүргүнчүлөрдүн 80 пайызын дал ушул "маршруткалар" ташыйт. Рейддер көрсөтүп жаткандай, эл ташыгандардын арасында мас абалында рулга отургандары, айдоочулук күбөлүгү жоктору, жол эрежесин билип-билбегендери же көзгө илбегендери бар. Аны иреттөөгө Бишкек администрациясынын чамасы жете элек. Бүгүн окурмандардын бири SUPER.KG порталына кичи автобустун айдоочусу телефон чукулап бара жатып, башка унаа менен сүзүшүп кете жаздады деп маалымдап, аны тастыктаган тасма жөнөттү. 2016-жылы Бишкекте кичи автобустун айдоочуларынан сынак алуу иши башталып, аягына чыкпай калды. Мисалы, 1 күндө 18 айдоочу сынак тапшырып, бирөөсү да өтпөй калган учурлар бар. Өкмөт шаарга жаӊы 350 автобус алып келип, Бишкектин борбордук бөлүгүн быйыл күзгө чейин кичи автобустардан тазалоону убадалап жатат. Өкүнүчтүүсү, ага чейин дагы канча бейкүнөө өмүр кыйылар экен...