Бишкек шаарынын Көк-Жар кичи районунда жүргүнчү ташыган кичи автобус жол кырсыгына кабылып, бир аял жабыркады. Бул тууралуу Бишкек шаардык жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.
Кырсык Шабдан баатыр көчөсүндө эртең менен саат 7:30 чамасында орун алган. Анда Ауди-4 үлгүсүндөгү унаа жолдон тайгаланып, арыкка кирип кетсе, анын артынан келе жаткан 164-машруттук такси унааны башкара албай, жол четиндеги арыкка оодарылып кеткен. Мындан улам болжол менен 45-50 жаштар чамасындагы аял колу-буту ооруп жатканын айтып, бирок "Тез жардам" келгенче окуя катталган жерден кетип калган.
Учурда бул окуя боюнча иликтөө иштери уланууда.