Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 115-орунда жайгашты

Футбол боюнча Кыргыз курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде 115-орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргыз өлкөсүнүн футбол федерациясы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Кыргыз өлкөсүнүн футбол боюнча курама командасы ФИФАнын жаңыланган рейтингинде мурунку айга караганда бир орунга жогорулап, 115-орунду ээледи. Ал эми Кыргыз курама командасына "Азия Кубогу-2019" оюнунда атаандаштык жарата турган Индия өлкөсүнүн курамасы 102-орунду ээлеген. Мьянма 140-орунда жайгашса, Макао курамасы 186-орунга жазылган.

Айдын эң мыкты командасы болуп Конго курамасы аталган. Бул курама команда бир ай ичинде 8 орунга өйдө көтөрүлүп, 88-сапка жазылган. Дагы да болсо эң мыкты 10 курама команда деп Германия, Бразилия, Португалия, Аргентина, Бельгия, Испания, Польша, Швейцария, Франция жана Чили өлкөсүнүн курамалары табылган.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
ruslanz
2018-02-16 11:05:12
Лыжада 79 орун,футбол б-ча 115 орунда, жашоо денгел б-ча 157чи, коррупция б-ча 136чы орунда.Жакшы орун уккан кунубуз болобу? Бийликтегилер кыйратып атабыз эле дешет, эмнени тушунбойм.
+2
adjo_krsu
2018-02-16 21:34:16
Биздикилер (чиновниктер), дүйнө боюнча биринчиликти эч кимге бербей келет 27жылдан бери ал да болсо " кулакка лапша ичүү" - боюнча.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан