Эл аралык Футбол федерациясынын 1-июндагы жаңыланган рейтингинде улуттук курама команда 132-орунду ээледи. Кыргыз өлкөсү май айында бир дагы оюн өткөргөн эмес. Азия футбол конфедерациясында Александр Крестининдин шакирттери 21-орунда жайгашкан.
Азия Кубогуна тандап алуу оюндарындагы атаандаш командалар - Индия 100-орунду, Мьянма 163-орунду жана Макао 184-орунду ээлеген. Белгилей кетсек, 13-июнда Кыргыз өлкөсү конокто Индия менен кез келет.
Дүйнөлүк рейтингдин сап башында Бразилия турат, алдынкы ондукта Аргентина, Германия, Чили, Колумбия, Франция, Бельгия, Португалия, Швейцария жана Испания командалары жайгашкан.