Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы июль айынын башындагы жыйынтыктын негизинде ФИФАнын рейтинги боюнча 6 баскычка алдыга жылып, 137-орунду ээледи. 227 упай менен Кыргызстан учурда Таиланд өлкөсүнүн артында, Түркмөнстандын алдында турат. ФИФАнын 6-июндагы жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 205 упай менен 143-орунду ээлеген болчу. Июнь айында кыргызстандык футболчулар бир катар жолдоштук беттешүүлөрдү өткөрүп, анда оюндар төмөнкүдөй жыйынтык менен бүткөн. Кыргызстан-Бахрейн 3:1, Кыргызстан-Эстония 1:1, Кыргызстан-Молдова 1:2. ФИФАнын рейтинги боюнча Казакстан 150-орунда, Азербайжан 119-орунда, Өзбекстан 66-орунда, Тажикстан 117-орунда турат. ФИФАнын кийинки жыйынтыгы 8-августта жарыяланат.