Бишкек шаарынан 30-35 жаш курактагы аялдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинен билдиришти.
Маалым болгондой, ушул жылдын 14-февраль күнү Бишкек шаарынан азиат түспөлүндөгү, болжол менен 30-35 жаш курактуу аялдын жансыз денеси табылган. Каза болгон аялдын аты-жөнүн тактоо үчүн укук коргоо органдары жардам сурайт. Маркумдун бою 169 сантиметр, арык чырай, чачы узун жана кара түстө. Кийген кийимдери: көк түстөгү кыска көйнөк, кара пальто жана бийик такалуу бут кийим. Кулагында көк түстөгү ташы бар сөйкө жана чынжырчасы болгон.
Милиция кызматкерлери сүрөттө көрсөтүлгөн белгилер аркылуу маркумду таанып-билгендер же кандайдыр бир маалыматы барлар болсо, бул телефон номерлерине кабарлап коюуну өтүнөт: 0552 102 143, 0702 616 496, 0553 102 82