Белгилүү казак жазуучусу Рахымжан Отарбаев каза болду

Белгилүү казак жазуучусу жана драматургу Рахымжан Отарбаев 61 жашында дүйнө салды. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары жазышты.

Маалыматка караганда, 17-февралга караган түнү жазуучунун жүрөгү токтоп каза болгон.

Рахымжан Отарбаев 1956-жылы Атырау облусунун Курмангазы районунда жарык дүйнөгө келген. Уралдагы Пушкин атындагы педагогикалык институтту аяктап, эмгек жолун "Казак адабияты" гезитинде баштаган. Жазуучунун "Шер", "Жылдыздар кулаган жер", "Урал ыры", "Үнүңдү уктум", "Куулган дүйнө" чыгармалары көпчүлүккө белгилүү. Анын айрым чыгармалары орус, түрк, араб, англис жана кыргыз тилдерине да которулган.

Рахымжан Отарбаев Казакстандын жазуучулар союзунун мүчөсү, Республикалык Махамбет атындагы жана Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
KAYRATBEK
2018-02-18 01:20:13
Кече бар бугун жок. мына сага дуйно. Акылдуу адамдарга намаз оку деп айтыштын кереги жок, эгерде бугун бар болуп эртеге жок болуп калышын тушунсо.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан