2017-жылы чет жакта жүргөн Кыргыз мигранттары мекенине 2 миллиард 482,2 миллион доллар которду. Мындай маалымат Улуттук банктын сайтында жарыяланды.
Өлкөгө келген бул сумманын 90 пайызын Орусияда жүргөн мекендештер жөнөткөн. Башкача айтканда, алар которгон акча 2 миллиард 435 миллион доллар болгон.
Белгилей кетсек, мигранттар Кыргыз жерине которгон каражаттын суммасы 2015-жылы 1 миллиард 168 миллион долларды, ал эми 2016-жылы 1 миллиард 991 миллион долларды түзгөн.